Акыйкатчынын аппараты: эжесинен качкан кыздар атасына да кереги жок экен

© Sputnik / Жоомарт УраимовӨспүрүм кыз. Архив
Өспүрүм кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
20-июнда кечке жуук батыш автовокзалынан 7 жана 11 жаштагы кыздар табылган. Алар эжесинен ур-токмок жегендиктен атасына качууга аракет жасашкан.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Бишкектин автовокзалынан табылган кыздар менен атасы жолуга элек. Бул тууралуу Акыйкатчынын аппаратынан билдиришти.

Камактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сокулукта балдарын катуу сабады делген ата кармалды
20-июнда кечке жуук батыш автовокзалынан 7 жана 11 жаштагы кыздар табылган. Алар таксисттерден Ош облусуна караштуу Отуз-Адыр айылындагы атасына жеткирип коюуну суранышкан. Кыздар тууралуу маалыматты таксисттер Акыйкатчынын аппаратына "115" тынымсыз байланыш номери аркылуу кабарлаган. Жерине акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева барган. Кыздардын улуусу аларды эжеси ур-токмокко аларын айтып, артка кайтарбоону өтүнгөн. Жамгырчиева институттун кызматкерлери окуянын чоо-жайын аныктаганын билдирди.

"Кыздардын атасы жарым жылдан бери Ошто эмес, Бишкекте жашап келет. Бул убакыт аралыгында ал кыздары менен көрүшүүнү каалаган эмес. Анын туруктуу иши жок жана ууртап-татып турат. Анын бир тууган карындашы кыздарды багуудан баш тарткан", — деп айтылат маалыматта.

Кыздардын энеси 2017-жылы көз жумган. Эки бир тууган Бишкек мэриясынын алдындагы кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борборуна жайгаштырылган. Кийин Ысык-Көлдөгү лагерлердин бирине эс алууга жөнөтүлгөн.

Акыйкатчынын аппараты Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарына кайрылып, кыздарды мамлекеттик балдар үйүнүн бирине жайгаштырып берүүнү өтүндү.

Жаңылыктар түрмөгү
0