Газ оту. Архив

Бишкектин 7-кичи районунун айрым бөлүгүндө эки күн газ болбойт

50
(жаңыланган 17:03 04.07.2019)
Тийиштүү кызматтар жер алдынан өткөн газ куурларын оңдошот

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Бишкек шаарынын 7-кичи районундагы айрым үйлөрдө 10-июлдан 12-июлга чейин жаратылыш газы болбойт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, аталган аймактагы №28 үйдө газ убактылуу өчүрүлөт.

"Тийиштүү кызматтар жер алдынан өткөн газ куурларын оңдошот", — деп айтылат маалыматта.

Аталган күндөрү 30 абонент газсыз калат. "Бишкекгаз" ишканасы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.

50
Белгилер:
оңдоо, газ, Бишкек
Тема боюнча
Нарын шаарынын борборундагы тротуарлар оңдолууда. Сүрөттөр
Базарда жашылчаларды сатуу. Архив

Эт жегендер менен андан баш тарткандардын кимиси узак жашайт. Адистин аныктамасы

127
(жаңыланган 09:45 10.08.2020)
Адамдын организми негизинен белоктон турат. Вегетариандарда белоктун жоктугунун кесепети дароо билине бербейт. Жаш өткөн сайын  байкалат.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Туура тамактануу эрежесин сактоо менен эт азыгын жегендер жашылча-жемиш менен тамактангандарга (вегетариандар) караганда узакка жашайт. Мындай пикирди медицина илиминин кандидаты, диетолог-дарыгер Инна Кононенко билдиргенин РИА Новости жазды.

"Биздин организм негизинен белоктон турат. Вегетариандарда белоктун жоктугунун кесепети дароо билине бербейт. Жаш өткөн сайын пайда боло баштайт", - деген адис.

Кононенко карып бараткан организмдеги эки көрсөткүчкө көңүл бурду. Биринчиси - кадимки уйку артериясындагы калыңдык, ал канчалык көп кездешсе, карылык ошончо эрте пайда болот. Вегетариандар холестеринди азыраак кабыл алгандыктан алардын тамырлары чоңоюп кеткен учур эт менен азыктангандарга караганда азыраак болот.

Дайым жаш болом десеңиз... Адистер карылыктын алдын алчу диетаны аташты

"Бирок эт жечүлөр B12, D3, K2 витаминдерин жетиштүү санда кабыл алса, анда анын тамыры чоңойбойт", - деп белгилейт медик.

Картаюунун экинчи белгиси – митохондрийлердин иштеши. Адис муну клеткалардын "энергетикалык станциясы" деп атайт.

"Бул вегетариандарда эт жегичтерге салыштырмалуу начар иштейт. Анткени эт митохондордун иштеши үчүн зарыл болгон л-карнитиндин булагы катары кызмат аткарат. Мындан тышкары, белоктордун синтезин мүнөздөөчү көрсөткүч бар. Тилекке каршы, адамдын организми вегетариандардын диетасынан аминокислотаны толук ала албайт", - дейт Кононенко.

Анын айтымында, кандайдыр бир органикалык кошулма болбосо, белгилүү бир белокту бөлүп алуу жана өздөштүрүү процесси үзгүлтүккө учурайт. Бул чачтын, тырмактын өсүшүндө көйгөй жаратып, көрүүнүн, теринин жана кан тамырлардын начарлашына алып келет.

Тез арыктоо өлүмгө дуушар кылат. Диетологдун кеңеши

Диетолог эт менен азыктангандарды да, вегетариандарды да витамин жана микроэлементтердин жетишсиздигинен арылууга чакырат.

127
Белгилер:
белок, эт, витамин, ден соолук, диета
Тема боюнча
Күн сайын гречка жесе организмде кандай өзгөрүү болот? Адистин пикири
Киши тамак жасап жаткан убакытта. Архив

Былтыр кыргызстандыктар начар тамактанышкан

31
(жаңыланган 09:50 10.08.2020)
Бир суткада адам 2,1 миңден аз килокалория жебеш керек. Тагыраагы, керектөө мындан көп болушу шарт. Бирок өлкөнүн бир бөлүгү нормадан ылдыйлап кетсе, ага жетпей жүргөн аймактар калорияны жакшы колдонушкан.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, кыргызстандыктардын жарым бөлүгү бир жылда жакшы тамактанса, башкаларында керектеген калория азыраак болгон.

Мекеме кызматкерлери 2018-2019-жылдары калория канча керектелгени боюнча маалымат чогултушкан.

Таблицада өлкөнүн жети облусундагы жана Бишкек, Ош шаарларындагы былтыркы жана мурдагы жылдагы маалыматтар көрсөтүлгөн.

Бир суткада адам 2 101 килокалория керектеш керек. Бул норма болуп саналат. Орточо эсеп менен алганда, ар бир кыргызстандык калорияны бул сандан көбүрөөк алышат.

Окумуштуулар: салмак кошууга жыт дагы таасирин берет

Бир жыл ичинде керектөө мурдагы калыбында эле калган. Бирок аймактарда айырмачылык бар.

Жалал-Абад, Нарын, Ош, Ысык-Көл, Баткен облустарындагылар жана Ош шаарынын тургундары былтыр көбүрөөк калория керектешкен. Анткен менен Баткен облусу буга чейин нормага жетчү эмес, ал эми Ошто керектөөнүн саны өскөнү менен мурдагы жылдар менен салыштырган жалпы эсепке жетпейт.

Бишкек, Чүй жана Талас облустарында былтыр начар тамактанышкан.

Бир жылда керектөө саны ылдыйлап кеткени менен Талас облусу биринчи орунда турат. Ал эми Чүйдө чектен бир топ төмөндөп кеткен.

31
Белгилер:
аймак, статистика, Кыргызстан
Тема боюнча
Адамдардын бою өсүп баратат. Эксперттер тамак-аш тартыштыгы жараларын айтышууда
Минск шаарындагы нааразычылык акциясынын катышуучулары

Минскиде президенттик шайлоодон кийин митингге чыккандар тарады

0
(жаңыланган 10:12 10.08.2020)
9-август күнү Белоруссияда президенттик шайлоо болуп, ал аяктаары менен нааразычылык акциясы башталган. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгына нааразы болгондор шаардын борборун көздөй агылган.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Минск шаарында митингге чыккандардын басымдуу бөлүгү тарап кетти. Бул туралуу РИА Новости жазды.

"Борбордук көчөлөрдө нааразычылык акциясына чыккандар байкалбайт. Акырындык менен автоунаа кыймылы калыбына келип, эл күнүмдүк жашоосун улантууда", — деп айтылат кабарда.

Күч органдары митинг учурунда көчөлөргө койгон тосмолорду алып салды. Бирок айрым жерлерде полиция автоунаа менен кыдырып карап жүргөнүн көрүүгө болот.

Минск: ОМОН жоокерлери менен митингчилердин кагылышкан учуру. Видео

Эске салсак, кечээ, 9-август күнү, Белоруссияда президенттик шайлоо болуп, ал аяктаары менен нааразычылык акциясы башталган. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгына нааразы болгон жүздөгөн адам Минск шаарынын борборун көздөй агылган. Аларга ОМОН отрядынын жоокерлери каршы турган.

Митингге чыккандарды таратуу үчүн милиция көздөн жаш чыгаруучу газ жана кулак тундуруучу гранаталарды колдонгон.

Кечээ кечинде Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгын чыгарган. Азыркы мамлекет башчы Александр Лукашенко эл добушунун 82 пайызын алгандыгы айтылган.

0
Белгилер:
Александр Лукашенко, абал, шайлоо, митинг, Белоруссия
Тема боюнча
БШК: Белоруссияда президенттик шайлоо өттү, 54 пайыз шайлоочу добуш берди
Белоруссия: президенттик шайлоодо Лукашенко алдыда. Exit poll, БШКнын жыйынтыгы
Президенттик шайлоодон соң Минскидеги акциянын катышуучуларын кууп таратуу. Баяндама