Кыргызстандагы аюулар эми спутник аркылуу көзөмөлдөнөт

© Фото / пресс-служба Союза охраны природы Германии в КР (NABU)Жапайы аюу. Архив
Жапайы аюу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер жаныбарлардын байырлаган жерлерин жана жеген-ичкенин изилдешет.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Айлана-чөйрө жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Биотүрдүүлүктү сактоо департаментинин кызматкерлери "Жылдыз" жана "Илимбек" аттуу Тянь-Шань аюуларына спутниктин жардамы менен көзөмөл кыла турчу каргы кийгизишти. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, "Жылдыз" сегиз жашта, салмагы 250 килограммды түзөт.

"Каргы тагылгандан бери "Жылдыз" деңиз деңгээлинен 3 350 метр бийиктикте 30 чакырымды басып өттү. Адистер аюунун жай кыймылдап жатканын анын июндун башындагы тууту менен байланыштырууда", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми 7 жаштагы "Илимбек" каргы тагылгандан кийин 795 чакырым баскан. Учурда эки аюу тең Нарын мамлекеттик коругунун аймагы Айлана-чөйрө жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин адистеринин көзөмөлүндө.

Кыргызстандагы корголгон жаратылыш аймактарда жапайы жаныбарлардын саны өсүүдө - Sputnik Кыргызстан
Ээрчишкен илбирстер! Нарын коругунда фотокапканга түшүп калган жаныбарлар
Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстанда биринчи жолу Айлана-чөйрө жана токой чарбасы агенттигинин адистери Улуттук илимдер академиясы менен бирге Нарын коругунда күрөң аюу менен маралга спутник каргысын кийгизишкен. Окумуштуулар алгач ирет жаныбарлардын тамактануусун, миграциясын изилдешүүдө. Жакын арада бул жаатта илимий иштер жазылып, диссертациялар жакталуу алдында турат. Нарын коругундагы акыры илимий изилдөөлөр өткөн кылымдын 70-80-жылдарында жүргүзүлгөн.

Нарын мамлекеттик жаратылыш коругу 1983-жылы уюштурулган. Анын жалпы аянты 105 миң 519 гектарды түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0