Ишеним каты. Архив

ЖКККББ ишеним катты убактылуу киргизүүнү сунуштап жатат. Эмне үчүн?

403
(жаңыланган 20:03 04.07.2019)
Убактылуу ишеним катты 1-сентябрдан 31-декабрга чейин киргизүү пландалып, долбоор өкмөткө жөнөтүлдү.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулар үчүн ишеним катты милдеттүү документтердин катарына убактылуу киргизүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Мындай демилге айрым жарандар машинасын ишеним кат менен сатып, чыныгы ээсин таппай жаткандыгына байланыштуу болууда. Анткени "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында келип жаткан айып пулдар машинанын учурдагы ээсине эмес, ишеним кат менен саткан кишиге келип жатат.

"Долбоор ишке киргизилгенден тарта ЖКККББга 20 миңден ашык жаран түрдүү маселелер менен кайрылды. Кайрылгандардын жарымынан көбү ишеним кат менен машинаны саткандыктан айып пулдар аларга келип жатканын айтышкан. Алар машинанын жаңы ээсин таппай убара тарткандыктан жардам берүүнү суранууда", — деп айтылат маалыматта.

Андыктан ЖКККББ айдоочулар өзүнө катталбаган машинаны айдап жүргөн учурда милдеттүү түрдө ишеним катты жанында алып жүрүшү керек деген норманы толуктоо үчүн Жол кыймылы эрежелерине өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат. Убактылуу ишеним катты 1-сентябрдан 31-декабрга чейин киргизүү пландалган.

Жаңы норма ишке киргенден тарта машинаны ишеним кат менен сатып алып, анын мөөнөтү бүтүп калгандар автоунаанын юридикалык ээсин (кимге катталган) издеп таап, өздөрүнө каттатат.

 

403
Белгилер:
Кыргызстан, айып пул, ишеним кат, ЖКККББ
Тема боюнча
"Коопсуз шаар" камералары эми өлкөнүн бардык аймагына орнотулат. Убактысы
"Коопсуз шаардын" айыптарынан канча сом чогулду. Расмий жооп
Тоодогу жамгыр. Архивдик сүрөт

Жекшембиге карата аба ырайы

35
Синоптиктер жекшемби күнү Кыргызстанда күн 33 градуска чейин ысый турганын маалымдашты.  Ал эми Чүйдө абанын өзгөрүп турары айтылды.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Жекшемби күнү, 7-июнда, күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында +23...+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көлдө +19...+24, ал эми Нарын жергесинде +18...+23 градус болот. 

Күндүн табы борборубуз Бишкекте +26...+28, Ошто +30...+32 градус болору айтылды. 

35
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Беш күн катары менен жамгыр жаайт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районуна караштуу Жазы-Кечүү айылына бүгүн биринчи ирет жолу электр мамычасы орнотулду.

60 жыл электр жарыгы жетпеген айылга электр мамылары коюлууда

102
(жаңыланган 20:59 06.06.2020)
Жазыкечүүлүктөрдүн сентябрдын башында башка кыргызстандыктар сыяктуу эле электр энергиясын кадимкидей пайдаланып калышары айтылды.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районуна караштуу Жазы-Кечүү айылына бүгүн биринчи ирет жолу электр мамычасы орнотулду. Бул тууралуу "Жалал-Абад электр" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

1960-жылы уюштурулган Жазы-Кечүү айылында жергиликтүү жашоочулар электр жарыгы жок жашап келген.

  • Проводка электричества в селе Жазы-Кечуу Базар-Коргонского района
    Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районуна караштуу Жазы-Кечүү айылына бүгүн биринчи ирет жолу электр мамычасы орнотулду.
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • Проводка электричества в селе Жазы-Кечуу Базар-Коргонского района
    1960-жылы уюштурулган Жазы-Кечүү айылында жергиликтүү жашоочулар электр жарыгы жок жашап келген.
    © Фото / Зульфия Тургунова
1 / 2
© Фото / Зульфия Тургунова
Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районуна караштуу Жазы-Кечүү айылына бүгүн биринчи ирет жолу электр мамычасы орнотулду.
"Жалал-Абад электр" ишканасы Сузак районунун Кыз-Көл айылы тараптан Жазы-Кечүү айылына 18 чакырым аралыктан аба чубалгыларын тартуу иштерин баштады. 25 миллион сомдук долбоор аталган мекеменин өз каражатынын эсебинен жүргүзүп жатат", —  деп айтылган маалыматта.

Аталган ишканадан электр мамычаларды орнотуу жана башка иштер август айынын соңунда аяктап, 1-сентябрда айылга жарык берилип каларын билдиришти.

Жазы-Кечүү айылы Базар-Коргон районунун борборунан 110 чакырым алыста жайгашкан. Айылда 140 түтүн, тагыраагы, 600дөй адам жашайт. 100 орундуу мектеп жана ФАП бар.

Кышында кар калың жаап, кыш алты айга созулат. Эң алыскы тоолуу аймакта жайгашкан Жазы-Кечүү айылында 1960-жылдардан бери электр жарыгы жок.

102
Белгилер:
электр жарыгы, Базар-Коргон, Кыргызстан
Тема боюнча
Кар жаткан ашууда электриктер үч күн иштеп, бузулган линияны оңдоду. Сүрөт
Казакстандын президентинин маалымат катчысы Берик Курмангали. Архивдик сүрөт

Казакстан президентинин маалымат катчысынан COVID табылды

0
(жаңыланган 23:36 06.06.2020)
Казакстандын президентинин маалымат катчысы Касым-Жомарт Токаевдин ден соолугу таза экендигин, Ак ордо санитардык эрежелерди сактап жаткандыгын айтты.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Казакстандын президентинин маалымат катчысы Берик Курмангали коронавирус менен ооруп калгандыгын Sputnik Казакстан жазды.

"Тилекке каршы, менин коронавирус боюнча тапшырган тестим сактанган чараларга карабастан, менден оору чыккандыгын көрсөттү. Учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө, ооруканада жатам. Абалым канааттандырарлык", — деген Берик Уали.

Казакстан президентинин маалымат катчысы Касым-Жомарт Токаевдин ден соолугу таза экендигин айтты.

"Мамлекет башчы тесттен улам өтүп турат. Ак ордо санитардык эрежелерди сактап, талаптар күчөтүлгөн", — деген Уали.

Ал жалпы казакстандыктарды карантиндин талаптарын сактоого чакырды.

0
Белгилер:
коронавирус, катчылык, маалымат, Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Тема боюнча
Путиндин маалымат катчысы коронавирустан айыгып, үйүнө чыкты