Бишкекте кассирди чаап жиберди делген шектүү таксист кармалды

Жазылуу
Окуя 13-майда болуп, ал видеого тартылып калган.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Бишкек шаарынын Октябрь РИИБи дүкөндө иштеген кассирди чаап жиберген деген шек менен такси кызматтарынын биринин айдоочусун кармады. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда дүкөндө иштеген кассирди чаап жиберген кишинин видеосу тараган. Анын авторлору киши акча майдалатуу үчүн кирип, кассир баш тартканда аны сөгүп-сагып чаап жибергенин айтышкан. Окуя май айында болгон. Видеонун авторлору милицияга арыз жазылганы менен жыйынтык болбой жатканын билдиришкен.

Шаардык милиция окуя чындап эле 13-майда болгонун жана жабыр тарткан жаран арыз жазганын ырастады. Социалдык тармакка билдирүү чыккандан кийин ШИИБ шектүү кишини табуу үчүн аракеттерди көрүп баштаган. Милиция кызматкерлери шектүүнүн машинасынын номерин жана таксист болуп кайсы компанияда иштей турганын аныктап, кийин кармашкан.

37 жаштагы шектүү милиция бөлүмүнө алып келинип, сотко чейинки тергөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0