Жалгыз уулу эле... Кырсык тооруган Абдылдаевдин үй-бүлөсүнүн таржымалы

© Sputnik / Табылды КадырбековЧүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаев. Архив
Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аткаминердин сууга түшүп кеткен жубайы, баласы жана небереси табыла элек.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Көкөмерен суусуна үй-бүлөсү менен түшүп кеткен өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаевдин жалгыз уулу бар болчу. Бул туурасында облус жетекчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Молдакун Абдылдаевдин бүлөсүн суудан издеп жатышат - Sputnik Кыргызстан
Молдакун Абдылдаевдин бүлөсүн суудан издеп жатышат. Сүрөттөр
Эскерте кетсек, кырсык 30-июнда саат 9.30дар чамасында Жайыл районунун Кызыл-Ой менен Кожомкул айылынын ортосунда болгон. Унаада Абдылдаев, жубайы, уулу, небереси жана айдоочусу болгону айтылган. Эки күндөн кийин Абдылдаев менен айдоочусунун сөөгүн суудан алып чыгышты. Калган үй-бүлө мүчөлөрү азыркыга чейин табыла элек. Жеринде 106 куткаруучу иштеп жатат.

Молдакун Абдылдаев 2008-2010-жылдары Акыйкатчы аппаратын жетектеген, ал эми 2014-2018-жылдары мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп иштеген. Андан кийин Чүй облустук администрациясынын аппарат башчылыгына келген.

Ал 29-июнь күнү үй-бүлөсү менен кичи мекени Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылына апасына эстелик тургузуу үчүн барган. Эртеси таңга маал жолго чыгып, Кожомкулдун 130 жылдыгы өтчү Суусамырга келе жатканда кырсыкка кабылган. Күбөлөрдүн айтымында, унаа ташты сүзүп алгандан кийин сууга түшүп кеткен. Алгач үстүнө калкып чыккан унаадан кызыл кийимчен кишинин чыкканын, андан кийин баарын суунун шары алып кеткен.

Аткаминердин жубайы Тинатин Шадыканова эки жогорку билимдин ээси: биринчиси — кыргыз тили жана адабияты боюнча мугалим, экинчиси — юрист. Эмгек жолун бала бакчадан баштап, жогорку окуу жайларда мугалим болуп эмгектенген. 2003-жылы жаңы ачылган Заманбап маалыматтык технологиялар жана билим берүү институтуна (ИСИТО) жумушка орношуп, жетектөөчү адис, бөлүм башчы, декан кызматтарын аркалаган. Азыркы тапта окуу иштери боюнча проректор болуп иштеп жаткан.

Сууга түшүп кеткен унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сууга түшүп кеткен аткаминердин кызы элден жардам сурады. Кырсыктын чоо-жайы
Жубайлар эки кыз, бир уулду тарбиялап өстүргөн. Улуу кыздары Венера менен Индира үй-бүлө курган. Сууга түшүп кеткен 8 жаштагы небереси София Борукеева Индира Абдылдаеванын кызы эле.

Ал эми жалгыз уулу Илимбек Абдылдаев 26 жашка чыккан, үйлөнө элек болчу. 2016-жылдан бери Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин Маалыматтык коммуникациялык технологиялар саясатын түзүү жана электрондук кызмат көрсөтүүлөр башкармалыгынын жетектөөчү адиси болуп эмгектенип келген.

Маркумдун кызы Индира Абдылдаева Instagram баракчасына унаа түшүп кеткен суунун сүрөтүн чыгарды. Ал "Машина ушул жерден кулаган. Мен эртеден кечке ушул жерде ӨКМдин куткаруучулары, жергиликтүү тургундар, кесиптештерим, досторум жана туугандарым менен жүрөм" деп жазган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от 💜💜💜 (@indira_567)

Ал кийинки постторунда "үй-бүлөсүнө жардам берүү үчүн эсеп ачылып, каражат чогултулууда" деген билдирүүнү төгүнгө чыгарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0