Молдакун Абдылдаевдин небере кызынын сөөгү табылды

© Фото / пресс-служба МЧС КРӨКМ кызматкери. Архив
ӨКМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда аткаминердин жубайы менен уулу дайынсыз болууда.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Көкөмерен суусуна түшүп кеткен өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаевдин небере кызынын сөөгү табылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына ӨКМден билдиришти.

Кыздын сөөгү 4-июлда, саат 19.30дар чамасында табылган. Учурда аткаминердин жубайы менен уулу дайынсыз болууда. Буга чейин Абдылдаев менен анын айдоочусунун сөөгү табылган.

Бүгүн 106 куткаруучу издөө иштерине тартылды.

Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жалгыз уулу эле... Кырсык тооруган Абдылдаевдин үй-бүлөсүнүн таржымалы
Эскерте кетсек, кырсык 30-июнь күнү Кызыл-Ой менен Кожомкул айылынын ортосунда болгон. Ал эми ӨКМге билдирүү 2-июль күнү саат 10дор чамасында түшкөн. Маалыматта унаа ичинде беш киши (үй ээси, жубайы, уулу, небере кызы жана айдоочу) болгону айтылган.

Кийинчерээк кырсыктаган адам өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаев экени аныкталган. Кызы Индиранын айтымында, атасы 28-июнь күнү Ат-Башыга апасынын эстелигин коюп, 30-июнда таңга маал Кожомкулдун 130 жылдыгы өтчү Суусамырга келе жаткан.

Күбөлөрдүн айтымында, унаа ташты сүзүп алгандан кийин тумшугу менен жардан ылдый сууга түшүп кеткен. Алгач үстүнө калкып чыккан унаадан кызыл кийимчен кишинин чыкканын, андан кийин баарын суунун шары алып кеткени айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0