ЖКККББ: камера бар жерлерде унаа кырсыгынан бир да адам каза болгон жок

© Sputnik / Табылды КадырбековКоопсуз шаарыдн камерасы. Архив
Коопсуз шаарыдн камерасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Коопсуз шаар" долбоору төрт айда 145 миллион сомдук айып пул чогулткан.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. "Коопсуз шаар" долбоору ишке киргенден кийин жол кырсыктары азайып, камера коюлган жерлерден адам өлүмү катталган жок. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исмаилов билдирди.

"Коопсуз шаар" төрт айдан бери иштеп, өз максатына жетүүдө. Долбоор ишке кире электе жол кырсыктан каза болуп жана жабыркагандар Чүй менен Бишкек шаарларында өскөн. 4-мартта ишке киргенден кийин каза болгондордун саны Бишкекте 38,9 пайызга, Чүйдө 36,2 пайызга азайып, камера коюлган жердеги кырсыктан набыт болгондор катталган эмес. Ал эми жаракат алгандар 50 пайызга кыскарды", — деди Исмаилов.

Ошондой эле ал долбоор ишке киргенден кийин 26 414 айдоочунун эреже бузганы катталганын айтты. Анын ичинен азыркы тапта 42 пайызы айып төлөп, 145 миллион сом түштү.

Белгилей кетсек, Чүй менен Бишкектин аймагына 110 камера орнотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0