Жол эрежесин бузгандардын айып пулу азаябы? Саркуловдун жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкери. Архив
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда бул айып пулдар боюнча комиссия иштеп жатат.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Жол эрежесин бузган айдоочуларга салынган айып пулду азайтуу маселеси күзгө чейин каралат. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов маалымат жыйында билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин айып пулдун көлөмүн кыскартуу боюнча парламентте маселе көтөрүлүп, өкмөт муну карап чыгууну тапшырган.

"Учурда бул боюнча комиссия иштеп жатат. Башында ИИМ башчысынын орун басары Курсан Асанов экөөбүз турабыз. Бүт тарабын анализдеп, сентябрь айында жыйынтыгын чыгарабыз", — деди Саркулов.

Ошондой эле ал бул маселеге өтө кылдат кароо керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0