Көлдөгү лагерде эки адамды өлтүргөн кароолчуну кармоого аскерлер жөнөп кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековАтайын даярдыктагы кызматтын аскерлери. Архив
Атайын даярдыктагы кызматтын аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Хан-Теңири" лагеринин кароолчусу Ысык-Көлдө аталган жайдын жетекчисинин орун басары менен кызматкерин атып кетти деп айтылууда.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусундагы "Хан-Теңири" лагеринин жетекчисинин орун басары менен кызматкерин өлтүрүп кетти делген кароолчуну кармоо үчүн атайын даярдыктагы кызматтын аскерлери жөнөп кетти. Бул туурасында ИИМден кабарлашты.

Эске салсак, Ак-Суу райондук нөөмөт бөлүмүнө 4-июлда болжол менен саат 12:20лар чамасында билдирүү түшкөн. Анда Каракол шаарындагы чек ара кызматынын аскер бѳлүгүнөн белгисиз адам Сырт өрөөнүндөгү Эңилчек жайлоосунда жайгашкан "Хан-Теңири" альпинисттик лагердин башчысынын 49 жаштагы  А. Д. аттуу орун басарын жана 31 жаштагы кызматкерин атып кеткени маалымдалган.
Алдын ала берилген кабарларга караганда, Түп айылынын 29 жаштагы тургуну С.С. аттуу жаран "Вепрь" үлгүсүндөгү курал менен ашканага кирип, лагердин башчысынын орун басарын төшкө жана кызматкерди ичке аткандыгы аныкталган. 

Кароолчу буга кошумча ошол жердеги кара тумоого каршы мекеменин кызматкерин — 48 жаштагы аялды барымтага алып, окуя болгон жерден качып кеткени айтылды.
Кырсык болгон жерге Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын атайын даярдыктагы аскерлери киши өлтүргөн адамды кармоо жана аялды куткаруу үчүн чыгып кеткенин ИИМден билдиришти.

Ысык-Көл облусундагы Эңилчек айылына жакын жайгашкан "Хан-Теңири" лагеринде эмне окуя болгондугу жана учурда жүргүзүлүп жаткан аскердик операция тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясын бул жерден окуп турсаңыздар болот.

 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0