Эки киши өлтүрүлүп, аял барымтага алынган жер. Тоо койнундагы лагердин картасы

Жазылуу
Лагерь Ысык-Көл облусунун борборунан чыгышты көздөй 180 чакырымда, Кытай менен болгон чек арага жакын жайгашкан.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Эки киши өлтүрүлүп жана бир аял барымтага алынган аңчылардын "Хан-Теңири" лагери Ысык-Көлдүн Эңилчек айылынан чыгышты көздөй 25 чакырым аралыкта жайгашкан. Бул туурасында Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, Ак-Суу райондук нөөмөт бөлүмүнө 4-июлда болжол менен саат 12:20лар чамасында билдирүү түшкөн. Анда Каракол шаарындагы чек ара кызматынын аскер бѳлүгүнөн белгисиз адам Сырт өрөөнүндөгү Эңилчек жайлоосунда жайгашкан "Хан-Теңири" аңчылык лагердин башчысынын 49 жаштагы орун басарын жана 31 жаштагы кызматкерин атып кеткени маалымдалган.

Милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Милиция: Ысык-Көлдө барымтага алынган аял бошотулду
Алдын ала берилген кабарларга караганда, Түп айылынын 29 жаштагы тургуну С.С. аттуу жаран "Вепрь" үлгүсүндөгү курал менен ашканага кирип, лагердин башчысынын орун басарын төшкө жана кызматкерди ичке аткандыгы аныкталган.

Окуядан кийин кырсык болгон жерге Ысык-Көл облусунун ИИБинин атайын даярдыктагы аскерлери киши өлтүргөн адамды кармоо үчүн чыгып кеткени кабарланган.

Ысык-Көл облусундагы Эңилчек айылына жакын жайгашкан "Хан-Теңири" лагеринде эмне окуя болгондугу жана учурда жүргүзүлүп жаткан аскердик операция тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуп турсаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0