Жаш жубайлар. Архив

Келин кайнененин күңү эмес. Диний ишмер мусулман бүлөсүндөгү көйгөйлөр тууралуу

3143
(жаңыланган 15:14 05.07.2019)
Нуржан Найзабекова
Шермухаммед Ташматов Кыргыз ислам университетинин шариат кафедрасын жетектейт. Диний ишмер "Биз — ата-энебиз" рубрикасынын алкагында үй-бүлөлүк алакалар, анын ичинде ата-энелердин балдарынын алдындагы жоопкерчилиги динде кандай каралганы туурасында кенен айтып берди.

Социалдык медиа жана баарлашуу баракчаларынан диний ишмерлердин улууларды, айрыкча, ата-энени сыйлоого үндөгөн тасма, сүрөттөрдү камтыган билдирүүлөрдү көп таратышат. Бирок балдарга болгон ата-эненин жоопкерчилиги, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча дарс окугандары өтө сейрек, атургай, жокко эсе. Ал эми жалпыга маалымдоо каражаттарында улуулар, туугандары, кээде ата-энеси тарабынан катуу сабалган, өлөрчө токмоктолгон балдардын үрөй учурган окуялары көп баяндалат, көрсөтүлөт. Бул теманы эки жолку берүүбүздө психологдор менен талкуулаган элек.

Бул ирет диний ишмердин пикирин тыңдоону чечтик.

Заведующий кафедрой шариата Кыргызского исламского университета Шермухаммед Ташматов
© Фото / из личного архива Шермухаммеда Ташматова
Кыргыз ислам университетинин шариат кафедрасын жетекчиси Шермухаммед Ташматов

— Улууну, айрыкча, ата-энени сыйлоо боюнча көп кеп козгойбуз. Диний мүнөздөгү чакырыктар интернетте жайнайт. Балдарга карата ата-эненин жоопкерчилиги тууралуу динде кандай каралган?

— Албетте, исламда ата-энени сыйлоо боюнча көп айтылат. Бирок ошол эле учурда ыйык Куранда жана пайгамбардын ыйык хадистеринде балдарды тарбиялоо ата-энелердин эң маанилүү милдеттеринен экени жазылган. Куранда: "Сиз өзүңүздү, үй-бүлөңүздү, балдарыңызды Кудайдын жазасынан сакташыңыз керек" деген аят бар. Демек, адам өзүн гана ойлобостон, жубайын, уулун, кызын, ата-энесин туура жолго багыттоого тийиш, өзгөчө бул эркек кишилерге тиешелүү.

"Атанын балдарына калтырчу эң маанилүү мурасы — туура тарбия" деген пайгамбар. "Балдарга жакшы мамиле кылыңыз, туура багыт көрсөтүңүз, жети жашына чейин балага баарын жумшак түшүндүрүү зарыл. Эгер 9 жашында сиздин тилиңизди албаса, анда ага катуураак түшүндүрүү керек" – деп жазылган хадисте.

— Балдарга дайым ыймандуу болуш керек деп айтышат. Бул чакырыктын мааниси кандай?

— Ыймандуу болуу — өтө терең түшүнүк. Көп убакта бул сөздү майда-барат аракеттерге деле пайдалана беребиз, мисалы, ата-энени сыйлоо, коомдук транспортто улууларга орун бошотуу өңдүү учурлар. Албетте, бул да туура, бирок ыйман — бул бүтүндөй бир илим, анда жакындарга, туугандарга сый мамиле кылуу, туура сүйлөп, туура ойлоо, айтор, ыймандуулукка алпарган бардык нерсе камтылат.

— Айрым ата-энелердин балдарын уруп-сабоо адаты бар. Алардын жаман оюнда бул туура тарбиялоонун милдеттүү элементи. Динге мындай ыкманын кандай тиешеси бар?

— Бул адатты караңгылык деп атасам жаңылышпайм. Балдарды сабоо — түркөйлүк, түшүнбөстүк. Албетте, балдар кээде чектен чыга эркелейт, бирок андай учурларда өз чүрпөсүнө кыйкырып, зекип, жемелөөнүн зарылдыгы жок. Тек гана ата-энелик мээрим төгүп, эмнеге андай кылбоо керектигин акырын түшүндүрүп койгон оң. Мээрим менен айтылган ар бир сөз кыйкырык, жемеден алда канча таасирдүү. Балдар кээ бирде адашат, жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт.

Улуулар өздөрү үлгү, сабырдуу жана көтөрүмдүү болууга үйрөтүүгө тийиш, ушул — алардын балдарга берген тарбиясы. "Уядан эмнени көрсө, ошону алат" эмеспи. Кээ бир эркектер аялын, бала-чакасын өз менчигиндей көрөт. Урушуп, сабап, сөгүп, жемелеп, айбанга кылгандай мамиле жасайт. Балдар андайдан майып болуп калган учурлар да кездешет. Бирок алар бул кылганына сөзсүз жооп берет. Эмнегедир, биз, кыргыздар, дегеле Орто Азияда аталарга бөтөнчө мамиле жасайбыз. Алардын ушундай аброю чоң, айрым үй-бүлөлөрдө атасы келгенде балдары ойной албай, күлө да албай, тамак ичпей, өз оюн айта да албай калат. Менимче, бул биздин келечекке терс таасирин тийгизет. Ата өз баласын түшүнө билип, достордой болууга тийиш. Эгер баланын кандайдыр бир көйгөйү болсо, ата-энеси андан кабардар болушу шарт. Балдар өз ата-энесине ишене алгандай алака түзүлүшү керек.

— Исламда "бейиш эненин таманынын алдында" деп айтылат. Ата-энелерди да балдарга жакшы мамиле кылууга үндөгөн ушул сымал насаат барбы?

— Албетте, бар. Балдар — Кудайдын аманаты. Бул жалганда баары кайтат. Хадисте жакындарыңа, балдарыңа жана ата-энеңе эмне көрсөтсөң, акыры ошонун баарын өзүң кайра тартарың жазылган. Демек, өз балдарын барктабаган, таш боордук кылган ата-эне көзү тирүүсүндө эле жазаланат.

— Коомубузда наристелер эле эмес, түтүн булаткан кезде чоң кишилер да зордук-зомбулукка кабылат. Келиндердин кайненелери менен болгон начар мамилеси эч кимге жашыруун эмес. Бул эмнеге байланыштуу, кантип жөнгө салынат?

— Үйлөнөрдүн алдында бул боюнча көп китеп окудум. Себеби, чындап эле үй-бүлөлүк турмушта көп маселе чыгат. Эркек же аялына, же энесине, же балдарына болуша албай, ортодо калган учуру көп болот. Бирок шариат мындай жагдайларды туура түшүндүрүп берет. Негизи кыргыздын каада-салты туура жолго багыттайт. Кайнене келинин душманындай же кулундай көрбөй, өз кызындай тарбиялап алууга тийиш. Анткени келини да кызы, ошол эле убакта неберелеринин энеси. Ата-эне кыздарына баарын тегиз үйрөтө албайт. Бой жетип, турмуштук кырдаалдарды үйрөнчү кезде турмушка чыгып кетишет. Ата-энеси үйрөтүүгө үлгүрсө деле үстүртөн болот. Ошондуктан кайнененин орду, ролу чоң. Келинин аял, эне, жубай болууга тарбиялачу ошол киши, бирок, албетте, жылуу кеби, мамилеси менен гана баарын үйрөтүүсү зарыл.

Мурда кыргызда бул милдет улуу абысындарынын мойнунда эле. Алар жаш келиндерди күйөөгө туура мамиле кылуу, балдарын багуу боюнча үйрөтүшкөн. Жакшы келин кылып тарбиялоо же куугунтукка айландыруу кайнененин өзүнөн. Экинчиден, тилекке каршы, үй-бүлөлүк темалар биздин коомдо ата-энелер менен бирге талкууланбайт. Бирок ата-эне балдарына, кайын журтуна, туугандарына кандай мамиле кылуу, үй-бүлөлүк турмушта кандай болуу керектигин айтып-деп турганы оң.

Кайнене менен келиндин ымаласы эмнеге келишпей турганын билесизби? Бул суроонун тегерегинде жүргөн бир топ изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча эне баласын келининен кызганат экен. Себеби, уулу 20-30 жыл энесинин жанында жүрүп эле баласы сүйүүсүн табат, мүнөзү өзгөрөт, алтургай, кээде аялына болушат. Бул энелердин кыжырын кайнатат.

— Деги үй-бүлөдөгү ынтымак үчүн кимдин жоопкерчилиги жогору? Кичүүлөрбү же улуулар жооптуубу?

— Албетте, чоң жоопкерчилик улуулардын мойнунда. Кайнене өзүн кармай билгени оң. Себеби, бекем үй-бүлө — бекем өлкө. Эгер очок бузулса, ал мамлекеттин бузулушуна тете. Үй-бүлө кичинекей мамлекет эмеспи.

Заведующий кафедрой шариата Кыргызского исламского университета Шермухаммед Ташматов
© Фото / из личного архива Шермухаммеда Ташматова
Кыргыз ислам университетинин шариат кафедрасын жетекчиси Шермухаммед Ташматов

— Ата-энелери улам кийлигише берип, жаш үй-бүлөлөр ажырашып кеткен учурлар арбын. Ата-энелери тирүү туруп балдар жетим калышат. Кайнененин кызганычы маанилүүбү же үй-бүлөнүн бүтүндүгү, балдардын бактысы биринчи орунда турабы?

— Эненин өз уулунун уясын бузууга акысы жок. Ооба, айрым энелер кийлигише берет, алардын кызганычы чектен чыгат. Андай апаларга айтарым, эгер келиниңиздер көңүлүңүзгө жакпаса, базардан жакшы эттен бир кило сатып алып, мурчтап, туздап жеңиз. Эгер 99 пайыз келин менен бирге жашоого мүмкүн болбой, жок дегенде бир пайыздык мүмкүнчүлүк болсо үй-бүлөнү сактап калуу үчүн аракет кылуу абзел. Балдар, неберелер жетим калбашы керек, ата-эне мээриминен, сүйүүсүнөн кем болбошу зарыл. Эгер келиниңиздин тамак жасаганы, кийингени, өзүн алып жүргөнү сизге жакпаса, көңүл бурбоого тырышыңыз. Майда-чүйдө нерсени этибарга албаңыз. Мунусун кубалап чыгып, жаңы келин алып алабыз деген жеңил ойлуу мамилени токтотууга тийишпиз. Бул жалганда баары кайтат. Келиниңизге көрсөткөн кордукту эртең эле өз кызыңыз тартып калышы ыктымал.

— Эмнеге кыргыздар күйөө балдарына жана келиндерине ар башка мамиле жасайт. Исламда аялдар менен эркектердин орду кандай?

— Ооба, эгер кыргыз үрп-адаттарын карасак, аймактарда айырмачылыктар бар. Өзгөчө түштүктө күйөө балдарына өтө сый мамиле кылышат. Бирок исламда кээ бир учурда аялдын даражасы жогору. Дайым бирдей, тең укуктуу болуу натуура. Бир келиндин жасаганын он күйөө бала биригип аткара албайт. Мисалы, пайгамбар да кыздарын турмушка узаткан, алардын үй-бүлөсүндө да түшүнбөстүктөр болбой койгон эмес. Пайгамбар андайда өзү кийлигишип, мамилелерин жакшырткан. Кээде күйөө балдарына тартып, айрым учурда кыздарына болушкан. Кимдир бирөөнү бийик койгон туура эмес. Ооба, биздин коомдо күйөө бала көбүрөөк сыйга ээ, ал эми келин тамак жасап, кир жууп, үй жыйнаган кулдай кабылданат.

Ал эми исламда аялдын орду жана ролу өзгөчө. Маселен, атасынын мурасын алууга кызынын да уулунукундай эле акысы бар. Турмушка чыкканда деле кызы уулу менен бирдей шарттарда мал, мүлк, жер тилкелерин бөлүшүүгө акылуу.

— Демек, кыз бала үйдөн узап, турмушка чыкканында деле ата-энеси ага жооптуу турбайбы, ээ? Эгер кызынын үйүндө бир жаңжал чыкса, ата-энеси ага кийлигише алабы анда?

— Шариатта үй-бүлө, никени сактоодо күйөөсү да, аялы да бирдей жоопкерчилик тартат. Эгер ызы-чууну жөнгө сала алышпаса, анда эки жактан тең өкүл чакыруу зарыл. Алар ата-эне, бир туугандар, тай журту жагынан, өкүл ата жана өкүл эне да болушу мүмкүн. Себеби, ата-энелердин билбей эле койгону оң болгон жагдайлар да чыгышы ыктымал. Албетте, кийлигишүү да үй-бүлөнүн ынтымагын ыдыратпай, анын бүтүндүгүн сактап калууга багытталсын.

Кандай болгон учурда да ата-энелер өз балдарынын бактысына кайдыгер карабаганы дурус. Анткени эркектер менен аялдар бири-бирине түгөй таап алышат, ал эми балдар жетим, ата-эне мээрими, сүйүүсү жана камкордугунан куру калат. Ошондуктан дайым үй-бүлөнүн бүтүндүгүн сактап калууга жан үрөйлү. Кемчиликсиз адам болобу, муну эстен чыгарбайлы. Эгер дайым кемчилик издеп, кылдан кыйкым таба бере турган болсок, анда жалгыз өтүү керек. Андай киши бирөө менен тил табыша албайт, эч ким менен батыша да албайт.

Кечиримдүү болуу керек. Майда-барат кемчиликтерге көз жума билген дурус. Эң башкысы, үй-бүлөнү аздектей, үйдөгү ынтымакты сактай билели.

3143
Белгилер:
кайнене, келин, сыйлоо, ата-эне, үй-бүлө
Тема:
"Биз - ата-энебиз" социалдык долбоору (13)
Тема боюнча
Гүлнур Төралиева: көз жаргандан үч күн өтпөй ишке чыксам премьер таң калган
Баланын кыркы чыккыча үйдөн чыкпай коюу туура эмес. Дарыгер менен маек