Касымалы Баялиновдун уулу Марклен Баялинов дүйнө салды

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЭстеликтеги гүлдөр. Архив
Эстеликтеги гүлдөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Марклен Баялинов — Кыргызстандын улуттук киноискусство боюнча академиясынын академиги, СССР учурундагы ири сыйлыктын бири Эмгек Кызыл Туу орденинин ээси.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Кыргызстандын маданиятына эмгегин сиңирген инсан Марклен Баялинов 86 жашында дүйнө салды. Бул туурасында саламаттыкты сактоо тармагындагы эксперт, журналист Елена Баялинова билдирди.

Кыргызстандын улуттук киноискусство боюнча академиясынын академиги, СССР учурундагы ири сыйлыктын бири Эмгек Кызыл Туу орденинин ээси Марклен Баялинов 1958-жылдан тарта Маданият министрлигинде ар кыл кызматтарда иштеп келген. 1985-1989-жылдары аталган ведомствону жетектеген. Кыргыз ССРинин кинематография боюнча мамлекеттик комитетинин, андан сырткары, Кыргызстандын Опера жана балет театрынын жетекчиси болуп иштеген.

Марклен Баялинов кыргыздын белгилүү жазуучусу Касымалы Баялиновдун уулу. Ал Фрунзе шаарында 1933-жылы жарык дүйнөгө келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0