Ысык-Көлдө туристтердин коопсуздугуна коркунуч жок. ИИМдин билдирүүсү

© Sputnik / Акылбек БатырбековПляж пансионата Аврора на Озере Иссык-Куль
Пляж пансионата Аврора на Озере Иссык-Куль - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эңилчек жайлоосунда эки адамды өлтүрүп, бирөөнү жарадар кылды деп шектелген жаран изделип жатат.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Ысык-Көл аймагындагы абал толугу менен тартип сакчыларынын көзөмөлүндө жана туристтердин коопсуздугу үчүн бардык шарттар түзүлдү. Мындай билдирүүнү КР Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы таратты.

Куралчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көлдө эки адамдын атылышы: ИИМ жаңжал эмнеден чыкканын айтты
Эске салсак, 4-июлда Ак-Суу райондук нөөмөт бөлүмүнө Сырт өрөөнүндөгү Эңилчек жайлоосунда жайгашкан "Хан-Теңири" аңчылык лагердин башчысынын 49 жаштагы орун басарын жана 31 жаштагы кызматкерин атып кетишкени боюнча маалымат түшкөн. Экөөнөн тышкары ошол эле жердеги дагы бир кызматкер ок чыгарган адамдын колунан бычак жегени жана 48 жаштагы аял барымтага алынганы айтылган. Бирок аял аман-эсен бошонуп чыккан.

Кийин бул иштерге шектүү делип лагердин кароолчусу, Түп айылынын 29 жаштагы тургуну изделе баштаган. Учурда бул иш менен Ысык-Көл облусунун ИИБинин атайын даярдыктагы аскерлери алек болууда.

"Ички иштер органдары аймактагы криминогендик абалды толугу менен көзөмөлгө алды. Жеринде шектүүнү табуу үчүн катардагы кызматкерлер менен бирге ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Мирлан Каниметов иштеп жатат. Окуя туристтердин басымдуу бөлүгү эс алып жүргөн көл жээгинен алыс жайгашкан тоолуу аймакта болгон. Андыктан эс алуучулар коопсуздугунан кам санабай эле койсо болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Баса, быйылкы туристтик сезондо Ысык-Көлдө эс алуучулардын коопсуздугуна 1000ден ашуун милиционер кам көрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0