Детский уролог, хирург Бакыт Жданов осматривает пациента

Балдар урологу, хирург Жданов: сүннөткө отурам деп жигиттер көп келет

2364
(жаңыланган 15:41 06.07.2019)
Бакыт Жданов — балдар урологу, хирург. Күн сайын ага балдарын отургузуу үчүн 10-20дай ата-эне келет. Атургай убагында отургузулбай калган жигиттер, 40-50 жаштагы кишилер да кайрылат экен.

Эркек баланы сүннөткө отургузуу керектиги айтылып келет. Бул нерсени баланын кайсы курагында жасатса жакшы, сүннөткө отурбаган адамды кандай оорулар тоорушу ыктымал? Ушул жана башка керектүү суроолорго Эне жана баланы коргоо борборунун дарыгери Бакыт Жданов жооп берди.

— Сизге балдарын отургузууга көп ата-эне барарын угуп калабыз. Бир күндө канча баланы кабыл аласыз?

— Ар кандай. Кыргыздарда негизи жазында, анан күзүндө отургузабыз деген түшүнүк калыптанып калган. Ошол мезгилдерде бул маселе менен күнүнө 20-30дан бала келет. Биздин ооруканада мен эле эмес, башка да хирургдар бар, алар дагы бала отургузат.

— Кышында же жайында отургузса болбойбу? Эмне себептен эл ичинде мындай түшүнүк калыптанып калган?

— Медицинада жазында же күзүндө деген эреже жок. Болгону жаз, күз мезгилдери салкын болот эмеспи, ошого карашса керек.

Детский уролог, хирург Бакыт Жданов в рабочем кабинете
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бакыт Жданов Эне жана баланы коргоо борборунун дарыгери. Күн сайын ага балдарын отургузуу үчүн 10-20дай ата-эне келет. Атургай убагында отургузулбай калган жигиттер, 40-50 жаштагы кишилер да кайрылат экен.

— Уулумду дарыгерлер наркоз бербей эле отургузуп коюшканын билем. Аябай ыйлап, кыйналган. Негизи наркоз берилип же убактылуу ооруну басаңдатуучу ийне сайылабы?

— Биздин ооруканада көбүнчө убактылуу ооруну басаңдатуучу ийне сайылат. Башкача айтканда, үрптү ала турган жерге эле ийне сайып коёбуз. Жалпы наркоз өтө коркок, ыйлаак гана балдарга берилет. Негизи бөбөктөрдүн 95 пайызына уктатпай эле жасайбыз.

— Баланы канча куракта отургузуу туура? Айрымдар ымыркай жаңы төрөлгөндө эле үрпүн алдырып салышат экен...

— Илгери көбүнчө үч жаштан кийин отургузушчу. 3, 5 жаш туура деп эл арасында айтылып калган. Бирок динде да, медицинада да андай эреже жок. Качан шарты болсо, ошондо отургуза берсе болот. Башкысы — балакатка же сегиз жашка чыккыча кестиргени туура. Уулдарын жаңы төрөлгөндө да отургузгандар бар. Эгер баланын ден соолугу жакшы болсо, ымыркайды жети күндөн бир айга чейинки убакытта отургуза берсе уруксат. Бирок гемоглобини аз, салмагы жетпеген наристелерди коё эле турган оң. Ошондой эле бала бир айдан өтүп кетсе, анда бир жаштан кийин эле кестирген туура.

— Эмне үчүн?

— Бир айдан кийин ымыркай эт ала баштайт. Бул учурда аны отургузуу кыйын болуп калат.

— Баланы канчалык эрте отургузса ар кандай жыныстык оорулардан оолак болот деп уктук эле...

— Эрте отургузгандын жакшы жери жараат эрте бүтөт. Жаңы төрөлгөн баланын киндиги кандай тез түшсө, ал да ошондой бат бүтүп калат. Териси да жука болот. Эрте кестирсе ириңдебейт, учу кызарып фимоз, баланопостит деген сыяктуу ар түрдүү илдеттерден оолак болот. Бирок 7-8 жашка чейин кестирсе деле кеч эмес.

Детский уролог, хирург Бакыт Жданов осматривает пациента
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Балдар урологу: баланын ден соолугу жакшы болсо, ымыркайды жети күндөн бир айга чейинки убакытта отургуза берсе уруксат. Бирок гемоглобини аз, салмагы жетпеген наристелерди коё эле турган оң. Ошондой эле бала бир айдан өтүп кетсе, анда бир жаштан кийин эле кестирген туура.

— Мурда кайчы, бычак менен эле отургузуп коюшчу эмес беле. Азыр башка аппараттар чыгыптыр. Алардын артыкчылыктары тууралуу айтып бересизби?

— Убагында кайчы, лезвие менен отургузган туура деп эле эсептелчү. Операцияларды деле бычак, скальпель менен жасачубуз да. Азыр электр бычактар чыкты. Аны менен кескенде канын бат токтотуп, баланы бушайман кылбай тез бүтүп калат.

Аны эл ичинде лазер деп коюшат. Ата-энелерге айтып кетерим, азыр бардык аймактарда хирургдар жетиштүү. Колдон келсе ооруканага барып, тажрыйбалуу хирургдарга кайрылгыла демекчимин. Үй шартында отургузгандардын көбү кансырап же жабылып калып кайра келишет.

— Айрымдары ата-энеси балдары кичине кезинде кандайдыр бир себептер менен бул парзын аткара албай калышат экен. Дегеним, чоңоюп калган кишилер деле бул маселе менен кайрылабы?

— Союз убагында кээ бир аймактарда балдарды толугу менен отургузбай "кан чыгарып коелу" деп учуна бычак эле тийгизип коюшчу экен. Ошентип көбүнүн үрпү толук алынбай калган. 2000-жылдан 2010-жылга чейин ошондой үрпү алынбай калган көп жаш жигиттер, кишилер кайрылышты. Алардыкына бычактын эле учу тийген, башы ачылбай калган. Кийин ал эр жеткенде кыйналып, башкалардыкын көрүп анан кайрыла башташты. 20-25-30 жаштагы жигиттер, кишилер өтө көп келди. Такыр эле отургузулбай жүргөндөн көрө кеч болсо да кайрылыш керек. Үрп алынганда ал жерде инфекция да турбай калат. Бизге 20-30дагы кишилер эле эмес 60тан ашып калган абышка да кайрылган. "Жаш эмессиз, жөн эле койбойлубу" десек, "жок дегенде кудайдын алдына ак, таза барайын" деп келиптир. Көрсө ал интернатта чоңоюптур, кийин деле үрпүн алдыруу оюна келген эмес экен.

Детский уролог, хирург Бакыт Жданов осматривает пациента
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Дарыгер: Азыр электр бычактар чыкты. Аны менен кескенде канын бат токтотуп, баланы бушайман кылбай тез бүтүп калат. Аны эл ичинде лазер деп коюшат.

— Балдардын гигиенасы боюнча да айтып бересизби?

— Негизи баланы отургузганга чейин үрпүн бөлүп-бөлүп акырындан ачып туруш керек. Антпесе анын ичине инфекция толо берип ириңдеп кетиши ыктымал. Айрымдары ыйлайт деп коркуп аны жасабай жүрө беришет. Аябай корксо, дарыгерге алып келсе деле алар ачып берет. Үрпүн ачып турса аны отургузуу да жеңил болот. Ал эми бир айга чейин отургузулган ымыркайлардыкын дароо ачып, этин кесип салат.

— Айрым кичине балдар бат-баттан заара кыла берсе, кээ бири күнү бою заара кылбай жүрө берет. Кээ бир ата-эне "суук тийди" деп койдун майын сүйкөп койгон учурларды да көрүп жүрөбүз. Бул эмнеден болушу мүмкүн?

— Жалаң эле суук тийгенден бала бат-бат заара кылып калышы мүмкүн эмес. Кээ бири компьютер, телефон көп карагандан ошентсе, айрымдары коркуп, түшүнөн чочуган учурда да тез-тезден ажатканага барып калат. Инфекция киргенде да ошондой белги бериши мүмкүн. Айтор, себебин жөн эле айтып коё албайбыз. Эгер баласы бат-бат заара кылып калса, ата-эне бир сыйра дарыгерге көрсөтүп, текшертип койсо ашыкча болбойт.

2364
Белгилер:
маек, сүннөткө отургузуу, бала, дарыгер, Бишкек
Тема боюнча
Аборттон ичеги-карды чубалган кызды көрүп үрөй учту. Дарыгер менен маек
Баланын кыркы чыккыча үйдөн чыкпай коюу туура эмес. Дарыгер менен маек
Медициналык кызматкер

Өлүмгө чейин жеткирген Кытайдагы SFTS вирусу. Адис анын кооптуулугу боюнча үн катты

194
(жаңыланган 14:00 09.08.2020)
Адис аталган вирусту жуктуруп алгандан кийин канда тромбоциттер азайып, жыйынтыгында ал геморрагияга (кан тамыр жарылып, канталап кетет) алып келе турганын маалымдаган.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Россиянын мурдагы санитардык дарыгери, Мамлекеттик Думанын депутаты, медицина илимдеринин доктору Геннадий Онищенко RT телеканалына Кытайда тарап жатат делген жаңы SFTS вирусу тууралуу айтып берди.

"Коркунучтуу эч нерсе болбойт. Коронавируста деле канда тробоциттер азайып кетчү. Бул маалымат бүгүн пайда болду, эртең эми кырдаал ачыкталат. Кооптонууга негиз жок, анын үстүнө Кытайдын чек арасы жабык, чет элдик жарандарды кабыл ала элек", — деди Онищенко.

Вирусолог, медицина илимдеринин доктору, профессор Анатолий Альтштейн дагы RT телеканалында сүйлөп жатып, аталган вирусту жуктуруп алгандан кийин канда тромбоциттер азайып, жыйынтыгында ал геморрагияга (кан тамыр жарылып, канталап кетет) алып келе турганын маалымдаган.

Билл Гейтс: бизди коронавирустан дагы чоң алаамат күтүп турат

"Бул буньявирус — өтө чоң отряд. Ал жакта ооруну козгогучтар көп. Алардын айрымдары Россияда деле кенен жайылган. Ал эми SFTS вирусун алып карай турган болсок, ал бизден табыла элек", — деди Альштейн.

Ал SFTS вирусу Кытайда табылганын, мындан сырткары, Түштүк Кореядан да чыкканын кошумчалады.

"Бул вирус кене аркылуу жугат да, катуу оорутат. Бул илдеттин эпидемиясы башталып кетет деп кооптонууга кажет жок. Анткени адамдан адамга жукканда ал күчүн жоготуп коет", — деди адис.

Акыркы маалыматтар боюнча, вирус 60 кишиде табылып, жетөө көз жумду. Башында инфекция Цзянсу провинциясында катталса, кийинчерээк Аньхой провинциясынын тургундарынан да аныкталган.

194
Белгилер:
пикир, адистик, вирус, медицина, Кытай, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Коронавирустун мурда кездешпеген жаңы белгиси табылды. Чикагодогу окуя
Ишкер Арстанбек Сулайманбеков

85 гектар жерди эки киши сугарып жетишет. Тоңдогу жаңычыл багбан менен маек

57
(жаңыланган 15:14 09.08.2020)
Арстанбек Сулайманбеков кезинде Казакстанда билим алып, кийин мугалим болуп иштеп калган. Өлкө эгемендүүлүк алган 90-жылдары башкалар сыяктуу базар экономикасынын казанында кайнап, ишкерлик менен алектенип кеткен.

Жаратман инсан 2000-жылдары кагырап жаткан 100 гектарга жакын жерди ижарага алып, күжүрмөндүгү менен аны кирешелүү бакка айланткан.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы элеттик багбан менен маек курду.

© Фото / Арстанбеком Сулайманбековым
Ишкер Арстанбек Сулайманбеков

— 63кө чыгып, пайгамбар жашына келип калыптырсыз. Ушул куракта багбанчылык менен алектенип, бак-дарак өстүрүү эрмек болсо керек?

— Жок, эрмек эмес да. Эгер беш сотых жерди карасаң эрмек болот. Ал эми 85 гектар жерди кароо чоң эле жумуш. Азыр багыбызда 33 миңдей түп өсүмдүк түшүм берүүдө. Ал жерде өрүктүн 11 сорту, алма, шабдаалы, кара өрүк, кокон гилас бар.

© Фото / Арстанбеком Сулайманбековым
Ишкер Арстанбек Сулайманбеков

— Мурда мугалим болуп иштечү экенсиз. Кантип багбанчылыкка ыктап кеттиңиз?

— Казакстанда жогорку окуу жайды бүтүп келип, Бишкектеги Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында окутуучу болуп иштеп калгам. Адистигим философия жана коом тануу боюнча мугалим эле. Өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин 1993-жылы базар экономикасына байланыштуу ишкерликке ыктап кеткем. Анткени ал учурда үй-бүлөнү, бала-бакыраны бакканды ойлонуш керек болчу.  Ошол жылдары Аламүдүн базарынын директорунун орун басары болуп иштеп калдым, бизнес өнөктөштөрдү таптым. 2006-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ак-Өлөң айылынан 85 гектар жерди 49 жылга ижарага алып, үч жылдан соң мөмөлүү дарактарды тиге баштадык. Мен өздөштүргөн жердин бир гектары бир койду бага албайт эле, эч нерсе чыкпаган кагыраган чөл болчу. Ошентип Кыргызстанда биринчилерден болуп чоң аянтка алма-өрүк тигип, ишкерликтин бул түрүнө көңүл бурдурдук.

Талаада ыйлаган күндөр болду. Чөлдү кирешелүү бакка айланткан Маджиковдун маеги

© Фото / Арстанбеком Сулайманбековым
Ишкер Арстанбек Сулайманбеков

— Бакчаңызды карап жатканыңызга он жылдан ашып калыптыр, азыр түшүмдүүлүктүн көлөмү кандай?

— Багбанчылыктын бир топ оор жагы бар экен. Ал табигаттан көп жапа чегет жана аба ырайына көз каранды. Жазында үшүк жүрсө, кичине мөмөнү суюлтуп коюп жатат. Кудайга шүгүр, 200 тоннадан ашык өрүк жыйнадык. Бардыгы Россияга жөнөтүлүп, ал жактан дүңүнөн 130 рублдан сатылды. Москва шаарынын тургундары биздин өрүктөрдү жыл сайын чыдамсыздык менен күтөт. Россиялык ишканалар андан шире, варенье жасайт.

© Фото / предоставлено Арстанбеком Сулайманбековым
Ишкер Арстанбек Сулайманбеков

— Жөн эле кагырап жаткан жерди жашылдандырып, азыр түшүмүн жыйнап жаткан экенсиздер. Ушул көрсөткүчтөргө жетүү үчүн кандай эмгектер жасалды?

— Кыйынчылыктар арбын эле болду. Эң негизгиси суудан өксүдүк, союздан калган бир нече суу түтүктөрдү тазалап иштетик. Андан кийин керектүү кадрларды таба албай кыйналдык. Кумдак жерди сугара албай, күндө таң атпай беште туруп алып сугатчыларды үйлөрүнөн салып кетип жүрдүм. Тигилген көчөттөрдүн аянты кеңейген сайын кайра эле суу жетишсиздиги байкалды. Анан интернеттен тамчылатып сугаруу технологиясын изилдеп, Израилдеги адистер менен байланыштык. Алар бир гектар жерге 13 миң долларга орнотуп беребиз дешти, кытайлык компания 7-8 миң дешти. Соңунда Кыргызстанда ал боюнча адистерди сураштырып издедик. Жоошев деген окумуштуу менен иштешип, кеп-кеңеш алып башында өз алдыбызча эки гектар жерди тамчылатып сугарууга өткөрдүк. Ошондо кадимкидей жыргап калдык. Кийин жолго салып, азыр 85 гектардык бак тамчылатылып сугарылат. Ошол жердин баарын эки эле адам сугарууда. Ар бакка жетип жатканын текшерип турабыз. Өсүмдүк өзү эле айтып турат. Суу ичпеген көчөттөрдүн жалбырагынан эле байкаса болот. Бул ыкманы колдонуунун аркасында мөмө-жемиштин бутактары жыл сайын 80-100 сантиметрге чейин өсүп жатат.

Ишкер Жылтырова: КРден тонналап чыгарылган чөптөн Европада кымбат дары жасалат

© Фото / Арстанбеком Сулайманбековым
Ишкер Арстанбек Сулайманбеков

— Жакшы экен. Анан жашылданган жер жапайы жаныбар, түрдүү канаттуулардын мекенине айланган экен да?

— Мурунтан эле биздин өрөөндө коендор көп болчу, азыр дагы арбын. Бирок алар кышкысын көчөттүн кабыгын арчып, аларга зыян берип коет экен. Ошондуктан чарбабызга ит багып койгонбуз. Андан сырткары, көчөткө автоунаанын майлоочу майын сүйкөп сактанып жатабыз. Кыргоол, чымчыктын түрлөрү көбөйдү. Беш жылдан бери чабалекей үйдүн тегерегине уялап жатат. Жайкысын канаттуулардын оозунан кокон гиласты эле талашып калабыз. Алар алча, кокон гиласты аябай жакшы көрүшөт.

— Багбанчылыктан, өзүңүздүн багыңыздан түшүмдөн сырткары эмнени таптыңыз?

— Чоң нерселерди таптык окшойт. Эң биринчиси, өзүбүздүн ишибизди жолго салдык. Башында ушундай жыйынтык болот деп да ойлогон эмеспиз. Бүтүндөй кыргызстандыктарга ушундай кагыраган жерди иштетсе боло тургандыгын иш жүзүндө көргөздүк. Өкмөт 2014-жылы республикалык семинар өткөрүп, өлкө аймагынан чогулган дыйкан, багбандарга биздин бак мисал катары көргөзүлгөн. Өзгөчө жергиликтүү жаштарга элет жеринде кантип оокат кылуу керектигин айтып, түшүндүрүп бере алдык. Бала-бакырам окуп, азыр очор-бачар болуп калышкан.

— Сиздин жаратмандыгыңызды көрүп, жердештериңиз да кыймылдадыбы?

— Таштак, бирок суусу бар бир топ жерлерди өздөштүрүштү. Ак-Өлөң айылында алма бактар аябай көбөйдү. Башка айылдарда мөмө-жемиштердин аянтын кеңейтишти. Бирок ага карабай иштетилбей жаткан жерлер дагы деле көп.

© Фото / предоставлено Арстанбеком Сулайманбековым
Ишкер Арстанбек Сулайманбеков

— Жыйналган түшүмдү кайра иштетүү планыңызда барбы же алгачкы кадамдарды баштап койдуңузбу?

— Аны ойлоно элекпиз жана зарылчылыгы деле жок. Жыйнаган түшүмүбүз сапаттуу болгондуктан бардыгы чет мамлекеттерге экспорттолот. Азырынча Түркиядан как үчүн ылайыкталган көчөттөрдү алып тигип жатабыз. Чет өлкөдөн өрүктөрдү кайра иштетүүнүн технологиясын да көрүп келдик. Түрдүү салмакта,өзүнүн ыкмасы менен таңгактаса болот экен. Бурюса, ал күндөргө дагы жетебиз.

Трактор курап, чакан ГЭС салган замандаштар. Элеттик жаратмандардын эмгеги

© Фото / предоставлено Арстанбеком Сулайманбековым
Ишкер Арстанбек Сулайманбеков

— Сөзүңүздөн байкасам башка мамлекеттерге чыгып, дайым изденүүнүн үстүндө экенсиз. Өзүбүздүн чарбага ушундай мамиле болушу керекпи?

— Көчөттөрдү Түркия, Италия, Сербиядан алып келип тиккенбиз. Азыр бир-эки күн изденбесең эле башкалардан артта каласың, анын артынан жалкоолук пайда болот. Анан кудайга шүгүр деп жөн эле отуруп, кенебестик пайда болот, өсүш жок калып каласың.

57
Белгилер:
маек, багбан, Кыргызстан
Тема боюнча
Элеттик дыйкандын кеп-кеңешине чет элдиктер да муктаж. Агроном Касеев менен маек
Ишкер Жылтырова: КРден тонналап чыгарылган чөптөн Европада кымбат дары жасалат
Трактор курап, чакан ГЭС салган замандаштар. Элеттик жаратмандардын эмгеги
Дарыядагы катер. Архив

Апамды башы жок көмдүк... Казакстанда депутаттын уулу аралашты делген окуянын чоо-жайы

0
(жаңыланган 14:59 09.08.2020)
Көз жумган аялдын бир тууган эжесинин айтымында, кайыкта шектүү менен бирге шаардагы белгилүү ишкердин кызы да болгон.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Казакстанда облустук маслихаттын депутаты Валерий Крыловдун 17 жаштагы уулу аял өлтүрдү деп шектелип, камакка алынды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан кабарлады.

Каргашалуу окуя 6-июнь күнү саат 22:15тер чамасында Уральск шаарындагы Чаган суусунда болгон. Анда Чугун көпүрөсүнүн жанында катер сууда сүзүп жүргөн аялды сүзүп, башын жана колун үзүп кеткен. Кылмышка шектүү эки айга камалды.

Көз жумган аялдын уулунун айтымында, ал апасынын сөөгүн башы жок эле жерге берген. Анткени суучулдар сөөктүн айрым бөлүктөрүн таппай коюшкан.

"Апамдын курбусу сууга түшкүсү келбей, белинен эле кириптир. Апам болсо алысыраак жакка сүзүп кетиптир. Бир убакта фарасы күйбөгөн катер пайда болгонун айтты. Курбусу апамды жээке чакырыш үчүн кыйкырып, колун булгаптыр. Бирок ага жетпей катер бир нерсени сүзгөн үн угулган. Апамдын сөөгүнүн бөлүктөрүн суудан капка чогултуп алып чыгышты. Катер дароо кетип калган экен", — деди уулу.

Көз жумган аялдын бир тууган эжесинин айтымында, кайыкта шектүү менен бирге шаардагы белгилүү ишкердин кызы да болгон. Ага оор кылмышты жашырып койгон деген айып тагылган. Бирок маркумдун тууганы билдиргендей, ал кыз Лондонго кетиш үчүн виза ачтыруу аракетин көрүүдө.

Оор эмес кылмыш жасаган кыргызстандыктар кандай түзөтүлөт. Видео

Облустук маслихаттын депутаты Валерий Крылов ЖМКларга уулу кармалганын айтып, бирок анын күнөөсү жок деп эсептей турганын билдирген.

"Жээкте кайыктар көп болчу. Бардыгы экспертиза кылынып, тергөө жүрүп жатат. Тергөөчүлөр күнөөнү балама артып жатышат, бирок эч кандай далил жок. Бул иш аягына чыгат деп үмүттөнөм, ошондо гана баары ачыкталат. Менин уулум күнөөлүү эмес", — деди Крылов.

Депутаттын айтымында, шектүү 48 саатка камалган. Ал эксперттердин уулунун катеринен кан табышты деген маалыматты төгүндөдү.

0
Белгилер:
Суу, кылмыш, аял, катер, кырсык, Казакстан
Тема боюнча
Казакстандын саламаттык сактоо министринин орун басарынын эмнеге кармалганы айтылды