Бир ай мурун Суусамырда жоголгон 3 жашар баланын сөөгү Көкөмеренден табылды

© SputnikСуу. Архив
Суу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сөөктү наристенин жакындары тапкан. Издөө иштеринин жүргөнүнө бир айдан ашты.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Суусамырда 2-июнь күнү сууга түшүп кеткен үч жашар баланын сөөгү табылганын Sputnik Кыргызстан агенттигине ӨКМ билдирди.

Наристе Суусамырдын Биринчи Май айылынын аймагындагы сууга түшүп кеткен.

"Бөбөктүн сөөгү бүгүн болжол менен саат 16.00дө Кожомкул айылынын жанынан аккан Көкөмерен суусунан табылды", — деп айтылат маалыматта.

Сөөктү баланын жакындары тапкан.

Бир нече күн мурун ушул Көкөмерен суусуна өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаев үй-бүлөсү менен бараткан унаа түшүп кеткен. Машинада аткаминер өзү, жубайы, уулу, небере кызы жана айдоочусу менен эле. Бүгүнкү күндө үй ээси, айдоочу жана кичинекей кыздын сөөгү табылып, жерге берилди. Жубайы менен уулу изделүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0