Көбү - айылдыктар! ЖРТдан көп балл алгандарга президент сертификат тапшырды

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков
Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө 43 440 мектеп окуучусу катышып, эң жогорку балл 238 болгон.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган 52 бүтүрүүчүнүн 51ине президент Сооронбай Жээнбеков алтын сертификат тапшырды. Андан сырткары аймактарда эң көп балл алган экиден бүтүрүүчүгө да сертификаттар берилди.

Салтанат "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өттү.

Сооронбай Жээнбеков окуучуларды мектепти аякташы менен чын жүрөктөн куттуктады. Ал ошондой эле ЖРТ ар бир бала үчүн анын жашаган жерине, үй-бүлөсүнүн кирешесине карабастан жогорку билим алууга бирдей мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.

"Быйылкы жылдагы жалпы республикалык тестирлөөдө алтын сертификат жана эң жогорку балл алгандардын 57 пайызы региондордун бүтүрүүчүлөрү экенин канааттануу менен белгилейм. ЖРТ бүтүрүүчүнүн билимин баалоо менен бирге анын өзүн-өзү өнүктүрүүгө да мүмкүнчүлүк түзөт. Экинчи жагынан тестирлөөнүн жыйынтыктары аркылуу билим берүү системасынын ишмердигин баалоого болот. Тилекке каршы, бүтүрүүчүлөрдүн 38 пайызы жогорку окуу жайына өтүүгө зарыл болгон босогонун деңгээлинен өтпөй калды. Ошол эле учурда өлкөбүздүн билим берүү системасын каржылоо деңгээли ички дүң продукциянын алты пайызын түздү", — деди Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков вручил золотые сертификаты выпускникам - Sputnik Кыргызстан
Алтын сертификат алган бүтүрүүчүлөр кайсы облустан көп чыкты? Инфографика
Президент өз сөзүндө бүгүнкү күнү Кыргызстандын эмгек рыногу агрардык өнөр жай, маалыматтык технология, энергетика, туризм жана жеңил өнөр жайы багытындагы адистер көп талап кылынып жатканын белгиледи.

"Мындай сертификаттарды силерге тапшыруу мага зор кубанычты тартуулап турат. Силердин ар бириӊерди ушул ийгилиӊер менен куттуктап жатып, турмуш жолуӊар шыдыр болушун, ойлогон ой-максаттарыӊардын ишке ашуусун каалайм. Мектепти ийгиликтүү аяктап, жалпы республикалык тестирлөөнү да ийгиликтүү тапшырышыңар менен чын дилден куттуктайм.
Силерге билим берген мектептин педагогикалык жамаатына жана билимге ынтызар кылып тарбиялаган ата-энеңерге терең ыраазылык билдирем", — деди Жээнбеков.

ЖРТдан жогорку балл алган бүтүрүүчүлөргө алтын сертификаттан тышкары акчалай сыйлык жана чөнтөк телефондор белек кылынды.

Эске салсак, быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө 43 440 мектеп окуучусу катышып, эң жогорку балл 238 болгон. Аны Жалал-Абаддагы Курманбек баатыр атындагы кыргыз-түрк лицейинин бүтүрүүчүсү Элдияр Чормонов алган.

Билим берүү жана илим министрлигинин берген маалыматы боюнча, тесттен өттү деген баллды 27 019 мектеп окуучусу, тагыраагы, бүтүрүүчүлөрдүн 62,2 пайызы алган. Былтыркы жылга (57 пайыз) салыштырмалуу бул көптүк кылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0