Кайсы облустун бүтүрүүчүлөрү алтын сертификатка көбүрөөк ээ болду? Тизме

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЦеремония вручения золотых сертификатов выпускникам 2019 года
Церемония вручения золотых сертификатов выпускникам 2019 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сертификаттар жалпы республикалык тестирлөөдөн 221ден 238 баллга чейин алган окуучуларга берилди.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Бүгүн мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган 51 бүтүрүүчүгө алтын сертификат тапшырды.

Sputnik Кыргызстан агенттиги алдыга талпынып, келечекке чоң кадам таштаган абитуриенттер кайсы аймактагы мектептерди бүтүргөндүгүнө кызыгып көрдү.

 

Жалал-Абаддагы Курманбек баатыр атындагы кыргыз-түрк лицейинин бүтүрүүчүсү Элдияр Чормонов - Sputnik Кыргызстан
ЖРТдан эң көп балл алган Элдияр: жарым жылдай телефон колдонгон жокмун
ЖРТнын жыйынтыгы боюнча президенттин колунан Бишкек шаарынын 22, Ош шаарынын төрт, Баткендин сегиз, Жалал-Абаддын алты, Талас облусунун беш окуучусу алтын сертификат алды. Ал эми Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустары экиден гана сертификатка ээ болду. Ал бүтүрүүчүлөр өлкөдөгү көпчүлүк жогорку окуу жайларда акысыз окуй алышат. Андан сырткары, алардын айрымдары өздөрүнүн дараметине жараша чет элдик ЖОЖдорду да тандашат.

Кошумчалай кетсек, жалпы республикалык тестирлөөгө 43 440 мектеп окуучу катышып, бүтүрүүчүлөрдүн 62,2 пайызы 110 баллдык көрсөткүчтөн өттү.

Эске салса кетсек, 2018-жылы 59 бүтүрүүчүгө алтын сертификат тапшырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0