Тирүү калганыма ишенбей ыйлап келе жаттым. Көлдө барымтага алынган аялдын видеосу

© © SputnikСотрудница противочумной станции Ирина Лунёва
Сотрудница противочумной станции Ирина Лунёва - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изделип жаткан шектүү эмне үчүн мындай кадамга барганын бир сөз менен гана түшүндүрүп, "Ал мени тарбиялабасын" деп кыска жооп кайтарганын барымтага алынган аял айтып берди.

КАРАКОЛ, 8-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Эңилчек жайлоосундагы аңчылардын "Хан-Теңири" лагериндеги үрөй учурган кырсыктан кийин барымтага алынган Ирина Лунёва окуянын кандай болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына баштан аяк баяндап берди.

Эске салсак, аталган лагерде 4-июлда С.С. аттуу кароолчу болуп иштеген киши эки адамды атып өлтүрүп, бирөөнү жарадар кылгандан кийин аялды барымтага алып, из жашырганы белгилүү болгон. Учурда аны күч органдары дагы деле издеп жатат.

Барымтага алынган Лунёва 5-июлда лагерге кайтып келген. Учурда Каракол шаарындагы үйүндө. 

© © SputnikТирүү калганыма ишенбей ыйлап келе жаттым. Көлдө барымтага алынган аялдын видеосу
Тирүү калганыма ишенбей ыйлап келе жаттым. Көлдө барымтага алынган аялдын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Тирүү калганыма ишенбей ыйлап келе жаттым. Көлдө барымтага алынган аялдын видеосу

Ал Каракол шаарындагы жугуштуу ооруларга каршы бөлүмүнүн мекемесинде үч жылдан бери иштеп келет. Быйыл Сары-Жаз жергесинде кара тумоого каршы алдын алуу багытында түзүлгөн отрядга ашпозчу болуп, аңчылардын "Хан-Теңири" лагерине 30-июнда барган.

Лунёва барымтага кантип алынганын, коркконун жана жолдо аны менен диалог курууга жетишип калганын айтып берди.

"Ошол күнү, 4-июлда, эртең мененки тамактан кийин ашканада жүрүп мылтыктын үнүн уктум. Эмне болуп жатат деп эшикти көздөй басып, Аймончокту (жылкычынын аялы) көрдүм. Ал мени чакырды. Ашкананын батыш жагынан чыгып баратсам, С.С. чыгыш жагынан келе жатыптыр. Андан эч жаман оюм жок эле эмне болуп жатканын сурадым, колунда мылтык бар экен. Ал "мылтык өзү атылды" деп жооп берди. Коркуп артка басканда "Токто!" деп буйрук берди. Мени ийинден чапчып, сыртка түртүп чыгарды. Жылкычыга атты токутуп, мени ээрге мингизип, өзү учкашты. Дароо эле тоо тарапка бет алды. Жолдон "Мени эмне кыласың? Сага эмнеге керек болуп калдым? Балдарым бар, коё берчи" деп жалынып жаттым", — деп айтып берди Лунёва.

Барымтага алынган аялды С.С. урган эмес. Жолдо Лунёва эмне себептен мындай кандуу кадамга барганын сураганга үлгүргөн.

Мылтык. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көлдөгү эки адамдын атылышы. Кандуу окуя болгон жердин сүрөттөрү
"Менин беш балам бар. Улуу кызымдан да кичүү экен. Уулум менен сүйлөшкөндөй кепке тартууга аракет кылдым. Балдарымды, кичүүсү 9 жашта экенин, алар мени жумуштан келеримди күтөөрүн айтып жаттым. Ошол эле учурда өзүнүн ата-энеси тууралуу сурадым. Үч эжеси бар экен. Апасы алар кичине кезинде эле каза болсо, кийин атасы да өтүп кетиптир. Анын мүнөзү оор болгондугун айтып, өзү Чүй облусундагы балдар үйүндө чоңойгонун, оор балалыгы тууралуу айтып берди. Мен анын көзүнөн ата-эненин мээримине муктаж экенин көрүп турдум", — деди барымтага алынган аял.

Шектүү лагердеги кишилерди эмнеге атканынын себебин айткан эмес. Лунёванын суроосуна "ал мени тарбиялабасын" деп гана кыска жооп берген.

"Бир маалда асмандан тик учак көрдүк. "Кыйкырба, атып салам!" деди. Ооба, анын бир магазин толтура огу бар экенин көргөм. Аны милиция издээрин айтсам, "тирүү бойдон колго түшпөйм, өлүгүмдү да таптырбайм" деди. Мени таңга маал коё берди. Кетип баратканда да артымдан атат го деп коркуп жаттым. Сөзүнө турду, ал мага кол көтөргөн жок. Лагерге жетүү үчүн канча басканымды деле билбейм. Жолдо кудайга жалынып, тирүү калганыма ыйлап келе жаттым", — деди өмүрүндөгү эң коркунучтуу күндү өткөргөн Лунёва.

Бул окуяда каза болгон директордун орун басарынын тууганы окуя кандайча болгонун айтып берген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0