Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев суракка чакырылды

© Sputnik / Табылды КадырбековСитуация около дома бывшего президента КР Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш
Ситуация около дома бывшего президента КР Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чакыруу кагазы 8-июлда Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө келген.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы суракка чакырды. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Маалыматка ылайык, чакыруу кагазы 8-июлда Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө келген.

Жолдубаеванын айтымында, кагазды үйдүн алдындагы кайтаруучуларга таштап кетишкен.

"Бул кагаз менен Алмазбек Атамбаев тааныша элек. Аны күбө катары чакырышыптыр, бирок кайсы иш боюнча экени так жазылган эмес", — деди Жолдубаева.

ИИМдин маалымат кызматы Атамбаев чындап эле күбө катары тергөө башкармалыгына 9-июлга чакырылганын ырастады.

Жаңылыктар түрмөгү
0