Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт

Алмазбек Атамбаев суракка барар-барбасын айтты

3213
(жаңыланган 21:04 08.07.2019)
ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы Атамбаевди суракка чакырган болчу.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ага ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынан келген чакыруу кагазы боюнча үн катты.

Ал журналисттердин "Эртең суракка барасызбы?" деген суроосуна "Булар (азыркы бийлик – ред.) укуктук талаадан чыгып кетти. Мен бул кагаздарды колго албайм, окубайм дагы. Алардын оюнун ойнобойм", — деп жооп берди.

Атамбаев ошондой эле ага келген бардык кагаздарды укук маселелери боюнча өкүлү Сергей Слесаревге берерин айтты.

"Азыркы бийлик мага каршы ишти козгоюн деп оюндар жүргөндө мыйзамдын баарын бузган. Биринчиден, бийлик укуктук талаага, укуктук ченемдерге кайтып келиши зарыл. Бийлик өзү Конституция менен мыйзамды сыйлашы керек. Бийлик мыйзамды сыйлап баштамайын алардын оюндарын ойногум келбейт", — деди Атамбаев.

Бул кыска ролик аркылуу Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы кырдаал боюнча маалымат ала аласыз.
© Видео / пресс-служба ЖК, Нурис Алымбаев, Султан Досалиев
Эске салсак, Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыраткан. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттеги депутаттык комиссия койгон алты күнөөнүн бешөө негиздүү экенин ырастап, бул боюнча өзүнүн корутундусун дагы билдирген.

Алар: Кой-Таш айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз алуу, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна, акча адалдаган "Ака инвест" сыяктуу бир нече компанияга тиешеси бардыгы, Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупциялык иштер жана ТЭЦке көмүр ташыган компаниянын кызыкчылыгын коргоо маселеси.

3213
Белгилер:
арыз, ИИМ, Алмазбек Атамбаев
Тема:
Алмазбек Атамбаев статусунан ажыратылды (34)
Тема боюнча
Жээнбеков Атамбаевге соцтармактан көз салат. Кайсы аткаминер кимге катталуу
Кой-Таштан агылып "Форумга" келген Атамбаевдин тарапташтарынын митинги. Видео
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев суракка чакырылды
Атамбаев жана анын тарапташтары. Бишкекте өткөн митингден 12 сүрөт