Университетти туура танда! Кыргызстанда абитуриенттер үчүн сайт ачылды

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүВсероссийская акция "Большой этнографический диктант"
Всероссийская акция Большой этнографический диктант - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Портал абитуриенттерге жогорку окуу жайды туура тандоого көмөк көрсөтүү максатында ишке берилди.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги абитуриенттер үчүн сайт ачты. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Маалыматка караганда, портал абитуриенттерге жогорку окуу жайды туура тандоого көмөк көрсөтүү максатында ишке берилди.

"www.university.edu.gov.kg сайты "Ачык өкмөт" долбоорунун алкагында ачылды. Анда учурда иштеп жаткан бардык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес университеттердин тизмесин көрө аласыз. Ошондой эле окуу жай тууралуу жалпы маалымат менен таанышып, байланышуу үчүн телефон номерлерин алууга болот", — деп айтылат маалыматта.

Сайт аркылуу университеттердин жаңылыктары менен дагы таанышууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0