Чолпон-Ата шаарынын жанындагы Бактуу-Долоноту айылындагы ат майдандын маңдайында болгон жол кырсыгы

Көргөндөр болсо, кайрылгыла! Депутаттын уулу катышкан кырсыкка күбө болгондор изделүүдө

1921
(жаңыланган 10:45 10.07.2019)
Жол кырсыгынан Lexus автоунаасынын айдоочусу менен жүргүнчүсү жеринде каза болуп, дагы эки киши ооруканадан жан берген.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Укук коргоо органдары Чолпон-Ата шаарынын жанындагы Бактуу-Долоноту айылындагы ат майдандын маңдайында болгон жол кырсыктын күбөлөрүн издеп жатат. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, 7-июль күнү Чолпон-Атанын Бактуу-Долоноту айылында BMW X-7 үлгүсүндөгү автоунаа Lexus үлгүсүндөгү жеңил машина менен кагышкан. ЖКККББнын билдиришинче, кырсыктын кесепетинен Lexus автоунаасынын айдоочусу менен жүргүнчүсү окуя болгон жерден жан берсе, дагы экөө ооруканадан көз жумган. Автокырсыкка кабылган BMW автоунаасынын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин баласы, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков да болгон. Кырсыктан кийин тартылган видеодон жол тандабастын негизги номеринин алдында дагы бир номер бар экенин көрүүгө болот.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы эки автоунаа тең бир багытта бара жатканын жана Lexus жолдон бурулуп жатканда BMW X-7 келип сүзгөнүн билдирген болчу.

ЖКККББ жол кырсыгынын чоо-жайын тактоого жана ишти адилеттүү тергөө үчүн күбөлөрдү чакырат.

Эгер кырсык болгон учурду көргөн-билгендер болсо төмөнкү телефондор аркылуу кайрылышса болот.

  • ИИМдин ЖКККББсы – 0312-63-09-00, 0312-63-09-01;
  • Ысык-Көл облусунун ИИБи – 03922-5-45-05, 03922-5-45-50;
  • Ысык-Көл облусунун ИИБдин тергөө кызматы – 03922-5-15-55, 0312-29-40-10 жана 0705-75-59-88.
1921
Белгилер:
Ысык-Көл облусу, күбө, ЖКККББ
Тема:
Депутаттын уулу катышкан Ысык-Көлдөгү жол кырсыгы (20)
Тема боюнча
Депутат Абжалиевдин уулу аралашкан Чолпон-Атадагы кырсыктын видеосу
Депутаттын баласы катышкан автокырсыкта талкаланган Lexus менен BMW. Сүрөт
Элдер коронавируска тестирлөөгө кезекте турушат. Архив

Дүйнөдө COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 12 миллиондон ашты

3
(жаңыланган 09:50 09.07.2020)
Дартты жуктуруп алгандардын сап башында АКШ турат. Ал жакта 3 миллиондон ашык адамга COVID-19 илешкен. Каза болгондордун саны боюнча да Америка биринчи орунда.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Жер жүзүндө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 12 миллиондон ашты. Бул тууралуу Жон Хопкинс атындагы изилдөө институтунун расмий сайтында жарыяланды.

Билдирмеге ылайык,коронавирус илештирип андан дарылангандардын саны 12 миллион 12 миң 125ке жетип, 548 миң 799 киши оорудан көз жумган.

Ал эми 6 миллион 533 миң 436 киши айыгып чыккан.

ДССУ Россиянын СOVID-19га каршы вакцинасына кызыгууда. Видео

Дартты жугузуп алгандардын сап башында АКШ мамлекети турат. Ал жакта COVID-19 жуктуруп алгандар 3 миллиондон ашты. Экинчи орундагы Бразилияда 1 миллион 700 миңден көп киши ооруган. Андан кийинки эле сапка Индия илинди. Бул мамлекетте коронавирус 742 миңден ашык адамга жуккан. Каза болгондордун саны боюнча да Америка биринчи орунда турат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 11-мартта коронавирус инфекциясын пандемия деп жарыялаган.

3
Белгилер:
Бразилия, АКШ, статистика, коронавирус, Дүйнө
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
АКШ Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан качан чыгарын так айтты
Кишилер алкоголь ичимдиктер менен. Архив

Тез мас болот. Ысыкта ичимдик ичүүнүн кошумча зыяны айтылды

26
(жаңыланган 09:04 09.07.2020)
Эгер ысыкта алкоголдон баш тарта албасаңыз, анда газы жок, жеңил алкоголдук суусундуктарды тандаңыз.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Ысыкта ичимдик ичүү өтө зыян. Анын кооптуу жактары тууралуу Sputnik радиосуна психиатр-нарколог Алексей Казанцев айтып бергендигин РИА Новости жазды.

Адистин айтымында, ысыкта алкоголдук ичимдик ичүү, болгондо да өтө ашыкча ичип алуу ден соолукту бир топ жабыркатат. Анын үстүнө азыраак көлөмгө эле адам мас болуп калат.

"Сидр менен сыра аз газдалган жеңил алкоголдук ичимдиктерге кирет. Булар ашказанга бат сиңип, андан адам эрте эле мас болуп калат. Ал эми шекер кошулган вино жана ар кандай алкоголдук коктейлдер организмден көпкө чейин тарабайт", — деди Казанцев.

Мындан тышкары, ичип алган адам кырсыктап же бир жерин кокустатып алуусу толук мүмкүн.

Ден соолукка зыяны көп спирт ичимдиги аталды

Эгер ысыкта алкоголдон баш тарта албасаңыз, анда газы жок, жеңил алкоголдук суусундуктарды тандаңыз.

"Ага муз же муздак суу аралаштыруу керек. Ал үчүн күн чакчайып тийген жерде эмес, үстү жабык жайда жана кечкурун отурган оң", — деди Казанцев.

Ал эми эң башкысы, ысык болобу, суук болобу, ичкиликти ченеми менен ичкенди билүү керек.

26
Белгилер:
ичимдик, Суу, алкоголь, ысык, күн
Тема боюнча
Көңүлдү көтөрүп, иммунитетти бекемдөөгө шоколад сунушталды