Кыргыз-казак чек арасында кайрадан фуралардын узун кезеги пайда болду. Видео

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүГраница между Киргизией и Казахстаном
Граница между Киргизией и Казахстаном - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү пунктунда учурда 40 фура токтоп турат. Алардын баары Казакстандан чыккан.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү пунктунун эки тарабында тең бир нече чакырымга жеткен фуралардын кезеги пайда болду.

Жагдайдын видеосу Facebook социалдык тармагына жарыяланды.

Чек арадагы жүк ташуучу унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айырма 64 млрд. доллар! Казакстан менен Кытай бажыдагы эсеп-чотту тактайт
Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Казакстандын Транспорт жана жолдор министрлиги чектөө киргизгенин билдирди. Фуралардын кезеги 2-3 күндөн бери суюлбай жатат. Көзөмөл өткөрүү бекетинде Казакстандан чыккан 40тай фура токтоп турат.

Ал эми КРдин Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы Кыргызстанда жайында абанын температурасы 28 градустан өткөндө жүк ташуучу автоунаалардын жүрүшүнө саат 9:00дөн 20:00гө чейин тыюу салынарын маалымдашты. Мындай тыюу жүк ташуучу автоунаалар жолдогу асфальтты талкалабоосу үчүн киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0