Атамбаев кайрадан суракка чакырылды. Сүрөт

© Sputnik / Нурис АлымбаевПовестка на допрос бывшего президента Алмазбека Атамбаева
Повестка на допрос бывшего президента Алмазбека Атамбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев биринчи чакырууга барбай койгон.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевге милиционерлер суракка чакырган экинчи кагазды тапшырды.

Бүгүн, 10-июлда, эки укук коргоочу саясатчынын Кой-Таштагы үйүнө барып чакыруу кагазын таштап кетишкен. 

© Sputnik / Нурис АлымбаевКыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевге милиционерлер суракка чакырган экинчи кагазды тапшырды
Атамбаев кайрадан суракка чакырылды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевге милиционерлер суракка чакырган экинчи кагазды тапшырды

Президент Алмазбек Атамбаев принял Генерального прокурора Аиду Салянову - Sputnik Кыргызстан
Абактагы Салянованын абалы кандай экени айтылды
8-июлда Атамбаев ИИМдин Тергөө кызматына күбө катары суракка чакырылган. Бирок мамлекеттин мурдагы башчысы "бийлик укуктук талаадан чыгып кетти" деп тергөөчүнүн сурагына келбей тургандыгын журналисттерге айткан.

Ал ошондой эле суракка чакырган документти көрбөгөндүгүн жана кагаздар юридикалык иштер боюнча өкүлү Сергей Слесаревге берилгендигин кошумчалаган.

Кыргызстанда күбөнү кайсы учурда мажбурлап суракка алып келүүгө болорун Sputnik агенттигинин материалынан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0