БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Борбор калаада 8-июлдан 31-июлга чейин "Коомдук транспорт" деп аталган рейд болот. Бул туурасында борбор калаанын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлады.
Аталган иш-чаранын максаты — маршрутка, автобус жана жүргүнчү ташуу менен алектенген такси фирмаларынын мыйзам бузууларын жоюу. Автоинспекторлор айдоочулар менен маектешип, жолдо жүрүү эрежесин сактоо канчалык зарыл экендигин түшүндүрөт. Ошондой эле транспорттун техникалык абалына көзөмөл жүргүзөт.Эгер мыйзам бузуулар табылса, административдик протокол түзүлөрү айтылат.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкектеги Кайгуул милиция кызматы бүгүн маршрутка көйгөйүнөн улам аялдамаларда калган бишкектиктерди үйлөрүнө жеткирүүдө. Бул туурасында шаардык милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Кечкурун милиционерлер балдарга, аялдарга жана улгайган адамдарга өз жардамын сунуштап жатканы айтылды. Бул багытта аталган кызматтын атайын автоунаалары иштеген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Милициядан аялдамаларда топтолгон кишилер аз, шаар ичи тынч деп билдиришти.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Бүгүн, 18-январда, айрым маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай коюшкан. Алар жол кире акысын жогорулатууну талап кылышууда. Себеби жол кире 2012-жылдан бери көтөрүлө элек. Учурда маршрутканын баасы күндүз 10, ал эми кечинде 12 сом.
Эртең менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев каттамга чыкпай койгон маршруткалардын лицензиясы алынып, башкага берилерин эскерткен.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Болгарияда кош бойлуу келин коронавируска антителосу бар бөбөк төрөдү. Бул туурасында улуттук радионун сайтына маалымат жарыяланды.
Пазарджик шаарынын 28 жаштагы тургуну ооруканага эти катуу ысып, жөтөлүп жана алы кетип түшкөн. Аны бир курс дарылагандан кийин ак халатчандар баланы операция жолу менен жарыкка алып келишкен.
Азыр бөбөктүн абалы жакшы экендиги айтылды. Ал эми антигендик тест бөбөктө коронавируска каршы антитело бар экендигин көрсөткөн. Эне-бала үйүнө чыккандан кийин да дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.Ымыркайдын салмагы 2,75 килограмм, ал эми бою 46 сантиметр экени айтылды.