Маршутка күтүп турган адамдар. Архив

Бишкектеги коомдук транспортко нааразычылык болсо кайда чалуу керек

90
Арыздарды WhatsApp менен же шаардык телефон аркылуу калтырууга болот.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Бишкек мэриясы шаардагы коомдук транспорттун — кичиавтобустар, троллейбус жана автобустардын иштөөсү боюнча кайда даттанса болорун билдирди.

Байланышуу телефондору:

  • 0 (555) 33-00-31 — троллейбустардын иштөөсү боюнча WhatsApp аркылуу кайрылса болот;
  • 0 (312) 53-36-48 — кичи автобустардын иштөөсү боюнча;
  • 0 (312) 53-48-24, 53-18-17 — автобустардын иштөөсү боюнча.

Андан сырткары, калаа тургундары өздөрүнүн сунуш-пикирлерин 1840 жана 1850 номерлери аркылуу калтырса болот. Ошондой эле көйгөйдүн сүрөттөрү менен видеолорун 0 (554) 18-21-85 номери аркылуу WhatsApp менен жиберүүгө мүмкүн.

90
Белгилер:
арыз, коомдук транспорт, Бишкек мэриясы, Кыргызстан
Тема боюнча
Милиция Бишкектеги маршрутка менен таксилерди текшерет. Себеби
Кардиограмма. Архив

Жүрөккө кайсы витамин пайдалуу экендиги айтылды. Изилдөө

2
(жаңыланган 09:44 05.07.2020)
Атайын жүргүзүлгөн изилдөөдө D витамининин концентрациясы нормадан ылдый болгондордо инфаркт жана инсульт менен жабыркагандар көп аныкталган.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Адамдын организминде D витаминдин жетишсиздиги жүрөк-кан тамыр ооруларын өөрчүтөт. Бул тууралуу Известия кардиолог жана терапевт дарыгер Ирина Мурадянга шилтеме кылып жазып чыкты.

"D витамини жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алат. Андан сырткары артериалдык гипертензия кооптуулугунун жаралбашына шарт түзөт", — деген адис.

Окумуштуулар 100 жашка чейин өмүр сүрүүнүн сырларын айтып беришти

Окумуштуулар 18 жаштан жогору курактагы 16 миңден ашык киши катышкан изилдөө жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында организминде D витаминдин аралашмасы адаттагы калыбынан ылдый болгондордо инфаркт жана инсульт көп кездешери аныкталган.

2
Белгилер:
кан тамыр, жүрөк, изилдөө, витамин, медицина
Тема боюнча
Окумуштуулар 100 жашка чейин өмүр сүрүүнүн сырларын айтып беришти
Россияда COVID-19га каршы вакцинаны сайдыргандардын абалы айтылды
Ала-Тоо аянты. Архив

Алдыда аптаптуу ысык болбойбу? Бир жумага карата аба ырайы

51
(жаңыланган 08:30 05.07.2020)
Синоптиктер жуманын башында өлкөнүн бир нече аймактарында жамгыр жаап, ортолоп калганда күндүн көзү ачыла турганын айтты.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бул жумада борбор калаада күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 6-июлда 14 метрге жетет.

Чүй, Талас облустары

6-июлда Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда жамгыр, тоолорго кар жаашы күтүлөт. Чүйдүн кээ бир айылдарында нөшөр болот.

7-июлда эки облуста тең күн ачык болот.

8-9-июль күндөрү тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жамгыр жаайт, өрөөндөрдө күн ачык болору айтылат.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

6-7-июлда тоолуу региондордо жамгыр жааса, дыйканчылык аймактарында күн ачык болот.

8-июлда күндүз, 9-июлда түнкүсүн тоо этектеринде жамгыр жааса, өрөөндөрдө аба ырайы бузулбайт.

Ал эми 9-июлда күндүз Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абаддын тоолуу аймактарында жамгыр жаайт.

Июлда мээ кайнаткан ысык болобу? Аба ырайынын келерки айга божомолу

Ысык-Көл облусу

6-июлда көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, тоолорго кар түшүшү ыктымал.

7-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо жамгыр жаап, күндүз аба ырайы ачык болот.

8-9-июлда кээ бир райондордо жамгыр, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Нарын облусу

6-июлда көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. 7-8-июлда күн ачык болот, бирок 9-июлда күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр жаай турганын синоптиктер билдирди.

10-11-июль күндөрү өлкөнүн кээ бир райондорунда жамгыр жаайт, бирок негизинен абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

51
Белгилер:
Кыргызгидромет, Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Дүйнөдө аба ырайы өзгөрүп, 50 жылда Сахара чөлүндөй ысыйт. Изилдөө
Жаңы конуштарда газ туташтыруунун акысын бөлүп төлөө каралууда