Депутаттын уулу отурган BMW Х7 унаасынын ээсимин деген киши табылды. Чоо-жайы

© AP Photo / Francisco SecoBMW X7 автоунаасы. Архив
BMW X7 автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгына кабылган BMW Х7 унаасынын ээсимин деген киши кроссоверди бир ай мурда сатып алганын билдирди. Ал бир нече компанияларды жетектеген ишкер.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Чолпон-Атадагы жол кырсыкта депутаттын уулу бара жаткан BMW X7 автоунаасынын ээси көлүктү 110 243 долларга сатып алган. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине кроссовердин ээсимин деген ишкер Сухраб Жармухамедов билдирди.

Ал унааны бир ай мурда Бишкектеги BMW борборунан кредитке сатып алганын айтты. Аны далилдөө үчүн сатып алуу келишимин жана банктан алган насыясынын документтерин көрсөттү. Бирок анда жеке маалыматтар болгондуктан документти жарыялабоону суранды.

Депутаттын уулу аралашкан жол кырсык видеого түшүп калган - Sputnik Кыргызстан
Зуулдап өтүптүр! Депутаттын уулу катышкан кырсык учуру видеого түшүп калган
Буга чейин айрым маалымат булактары төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыкка кабылган BMW Х7 Бишкек шаардык кеңештин депутаты Темирлан Токобековго таандык экенин жазган. Ал эми депутаттын ишенимдүү өкүлү унаага Бишкектеги BMW борбору ээлик кыларын айткан.

Жармухамедов автоунааны өзү сатып алганын ырастады, бирок ал насыяга алгандыктан толук сумманы төгүп бүткөнгө чейин юридикалык жактан ээси BMW борбору экенин түшүндүрдү.

"Унааны Бишкектеги BMW борборунан бир ай мурда 110 243 долларга сатып алгам. Акчанын баштапкы суммасын төгүп, калганын банктан беш жылга кредит алып төлөгөм. Банктын шарты боюнча насыяны толук төлөп бүткөнгө чейин унаа "Автоцентр Эстокадага" (BMW борборунун юридикалык аты — ред.) катталган. Бүт келишимдер мени менен түзүлгөн. Темирлан бул машинага ээлик кылбайт", — деди Жармухамедов.

Маектеш ошондой эле Темирлан Токобеков бизнес өнөктөшү, ал эми автокөлүктү айдап бараткан Элдияр Халмурзаев жакындан тааныган адам деп белгиледи. Экөө Ысык-Көлгө баратканда унаасын сурап кеткенин айтты.

"Темирлан менен бир компанияда иштейбиз. Кандайдыр бир ишибиз чыкканда Элдияр келип экөөбүздү тең ташып турчу. Бул автоунааны аларым менен чет өлкөгө кеткем. Кайра келгенден кийин эки-үч күн айдап, өзүм жакшы деле көрө элек болчумун. Анан Темирлан менен Элдияр үй-бүлө, достору менен көлгө баратканын айтып унаамды сурашты. BMW X7 жаңы болгондуктан узак жолго айдап көрүүгө кызыгышкан. Негизи мындай автоунаадан Бишкекте экөө-үчөө эле бар. Элдияр ичпеген, спорт менен машыккан жигит болгондуктан руль башкарууга уруксат кагазын алып, айдап кеткен. Анан ушундай кырсык болуп кетти", — деди Жармухамедов.

Начальник следственной службы ОВД Иссык-Кульского района Жаныбек Мырзабаев - Sputnik Кыргызстан
Видео жазууларды алдык. Тергөөчү Чолпон-Атадагы кырсык боюнча маалымат берди
Ишкер кырсыктаган кроссовер камсыздандырылганын кошумчалады. Ал эми эки кырсык учурунда башка номер да чыккан факты боюнча сураганыбызда, ага Кыргызстандын гана номери таандык экенин белгилеп, экинчисин билбей турганын айтты.

Белгилей кетсек, BMW X7 үлгүсүндөгү автоунаа 2019-жылдын март айынан тарта сатыкка чыккан. Бишкектеги BMW борбору мындай сериядагы кроссовердин баасы комплектациясына жараша 79 миң доллардан башталарын билдирди.

BMW X7 унаасын сатып алган ишкер эмне менен алектенет?

Юстиция министрлигинин маалыматтарын камтыган osoo.kg порталында BMW X7 унаасынын ээси Сухраб Жармухамедов бир нече компаниялардын негиздөөчүсү жана директору катары көрсөтүлгөн. Алардын тизмеси төмөндөгүдөй:

"Хелфер Вотчес КЖ" компаниясы адистештирилбеген товарларды дүңүнөн сатуу менен алектенет. Негиздөөчүлөрү Темирлан Токобеков жана Сухраб Жармухамедов, директору да Темирлан Токобеков.

"Фемили-Групп" ЖЧКсы борбордук кеңседе ишмердик жүргүзөт. Негиздөөчүлөрү Сухраб Жармухамедов жана Темирлан Токобеков, директору да Сухраб Жармухамедов. Бул компания да бир топ ишканалардын түптөөчүсү экенин байкоого болот.

"АЗМ-Строй" курулуш компаниясы. Негиздөөчүсү "Фемили-Групп", директору Сухраб Жармухамедов.

"Фемили Вилладж" курулуш компаниясы. Негиздөөчүсү "Фемили-Групп", директору Таштанбек Базаркулов.

"Нур Элит Строй" курулуш компаниясы. Негиздөөчүлөрү "Фемили-Групп" жана Гүлнара Молдустанова, директору Рахат Берикбаев.

Депутаттын уулу катышкан Ысык-Көлдөгү жол кырсыгы - Sputnik Кыргызстан
Кырсык учурунда Абжалиевдин уулу рулда беле? Маркумдардын туугандарынын версиясы
"Фемили Инвест" кыймылсыз мүлк жана операциялар боюнча агенттиги. Негиздөөчүсү "Фемили-Групп", директору Темирлан Токобеков.

"Фемили-Декор" курулуш-монтаждоо иштери менен алектенген компания. Негиздөөчүсү "Фемили-Групп", директору Сухраб Жармухамедов.

"АС-Партнер" курулуш компаниясы. Негиздөөчүлөр Юлия Мырзаева жана Сухраб Жармухамедов, директору Сухраб Жармухамедов.

"Фэмили Фудс Нетворк" нан жана кондитердик азыктарды чыгарат. Негиздөөчүлөр Нурмухамед Кенжиев жана Сухраб Жармухамедов, директору Нурмухамед Кенжиев.

Кырсык тууралуу

2019-жылдын 7-июлунда таңга жуук Чолпон-Ата шаарына жакын жайгашкан Бактуу-Долоноту айылында Lexus ES 330 жана BMW Х7 автоунаалары кагышып, анын кесепетинен жеңил унаадагы төрт жигит каза болгон. Ал эми кроссоверде бараткан үчөө жаракат алган. Алардын бири Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков экени белгилүү болду. Маалымат булактар BMW Х7 унаасын Элдияр Халмурзаев аттуу 23 жаштагы жигит айдап келе жатканын айткан. Автокырсык боюнча алгач Ысык-Көл райондук милициясы тергеп баштаган, бирок 11-июлда иш облустук тергөө башкармалыгына өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0