Ишембиге карата аба ырайы

© Фото / PexelsДождь в КР
Дождь в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишемби күнү өлкөнүн айрым жерлеринде өткүн өтүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. 13-июлда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул туурасында Кыргызгидромет маалымдады.

Сары-Челек көлү - Sputnik Кыргызстан
Сары-Челектин мындай сүрөттөрүн көрө элек болчусуз! Көз талдырган жети сүрөт
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +31…+36 градус ысык болот.

Ысык-Көл жана Нарын жергесинде термометр +25…+30 градусту көрсөтөт.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы +34…+36 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0