Келиниме "көңүлдөш таап ал" деп айтып, эми кайра кыжалатмын. Аялдын каты

© AFP / CRISTINA QUICLERДиванда жаткан кыз. Архив
Диванда жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында илдетке чалдыккан инисине жардам бергиси келген аялдын каты жарыяланды.

...Бишкектеги бейтапканалардын биринде гинеколог болуп иштейм. Азыр абдан оор абалда турам. Кеп менин бир тууганым жана анын үй-бүлөсү тууралуу болуп жатат. 40 жаштагы иним импотенция илдетине кабылды. Жаш кезинен Россияга барып, ысык-суукта  иштеп жүрүп, ден соолугун аябай  алсыз кылып алыптыр. Бөйрөгүнө суук тийгизип, көпкө дарыланып жүрдү.

Сейилдеп жүргөн үй бүлө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жесир калган аяшымды аяп жүрүп сүйүп калдым... Эркектин каты
30дан ашканда Кыргызстанга кайтып келип үйлөнгөн. Бир балалуу болгондон кийин эле аялы төрөбөй калды. Келиним 35 жашта. Дарыгер болгондуктан аны өзүм толугу менен кароодон өткөргөм. Ден соолугу таптаза, болуп-толуп турган кези. Инимди алып барбаган, жөнөтпөгөн врач калган жок. Кесиптештер менен сүйлөшүп, шаардын менмендеген урологдоруна көрсөттүм. Бирок эч кимиси жардам бере албады. 

Келиним токтоо, көтөрүмдүү жан. Жакшы жерде иштейт, өң-келбети да татынакай. Бирок кээде инимди чанып кетип калса эмне болот деп корком. Өткөндө сурасам, иним туптуура бир жылдан бери "жанына жолой" элек экен. Мен дарыгер катары келинимди аябай аяйм. Ден соолугу таза, төрөй турган, жыргап-куунап жашай турган кези. Көпкө ойлонуп жүрүп, бир жума мурда "эч кимге билдирбей эле жолугушуп турганга бирөөнү таап албайсыңбы" деп сунуштадым. Аны укканда байкушум көзүнүн жашын көл кылып ыйлады, бирок эч нерсе деп айткан жок.

Ошондон бери өзүм бушайман болуп жүрөм. Туура эле кылдымбы? Мен бир тууган катары инимдин үй-бүлөсүн сактап калайын деген гана ой менен айттым. Келиним ажырашып, таштап кетип калса, иним өмүр бою жалгыз калганы жатпайбы? Балким, келиндин алаксый турган адамы пайда болсо, күйөөсүн таштап кетпейби деген ой. Мунун баарын ойлосом, чийки май жегендей болом... Кеңеш бергилечи. Башкаларды дарылап, такылдап, кыйын болуп жүрсөң деле мындай учурда калдастап, эмне кыларыңды деле билбей калат экенсиң.

Саадат Сыдыкова, психолог:

Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бүлөлүү эркектен боюмда болуп калды… Алданган кыздын каты
— Кайрылган аялдын бир тууганына күйүп-бышып жатканы кубандырат, бирок инисинин интимдик жашоосун көзөмөлдөгөнүн токтотушу керек. Ага алы жетпесе психологго кайрылып, кеп-кеңеш алсын.

Жубайлар мындан ары кантип жашарын өздөрү чечип алат. Ал эми келинине "сырттан бирөө менен мамиле куруп ал" деп кеңеш бергени - ал үчүн өзү чечим кабыл алып койгонго барабар. Азыркы заманда аялдарга төшөктө ырахат тартуулачу жолдор көп. Мисалы, секс-дүкөндөрдө чоңдор үчүн көңүл ачуучу оюнчуктар бар. Аларды өзүнүн интимдик жашоосун көркүнө чыгаруу үчүн көптөгөн түгөйлөр колдонушат.

Каттын автору бир тууганына жардам бергиси келип жатканын түшүнөм. Бирок  биз сөз кылып жаткан маселеде эжеси эч нерсе кыла албайт, кылбашы дагы керек. Бул эрди-катындын ортосундагы көйгөй.

Бул жерде инисине психологдун жардамы керек. 

Жаңылыктар түрмөгү
0