Эреже бузган жок! Милициянын унаасы аралашкан кырсыкка ИИМ өз версиясын айтты

Жазылуу
Милиция алардын автоунаасы эреже бузбаганын белгилеп, ага далилдер бар экенин айтууда.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. ИИМдин Мамлекеттик күзөт башкармалыгынын адистештирилген кызматы милициянын автоунаасы аралашкан жол кырсык боюнча комментарий берди.

Белгилей кетсек, 13-июлда болжол менен саат 10.30дар чамасында Токтоналиев менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде Lexus GX 470 менен милициянын автоунаасы кагышкан. Ал Октябрь РИИБдин күзөт бөлүмүнүн кызматтык автокөлүгү экени белгилүү болду.

Күзөт башкармалыгы экипажда үч адам чакыруу түшкөн ("Тревога" кабары менен) жерге бара жатканын билдирет.

"Автоунаа күйүп-өчкөн жарыгын иштетип бара жаткан, буга далилдер бар. Кызматтык автокөлүктүн видео каттагычына тартылган. Ага жол бошотуп берген. Балким, Lexus GX 470 машинасынын айдоочусу жанында бара жаткан жүк ташуучу унаадан улам көрбөй калган", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле милициянын унаасынын айдоочусу жана жолтандабаста отурган аял жеңил жараат алганы айтылат. Алар ооруканадан медициналык жардам алып кайра чыгып кетишкен.

© © видео очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуБишкек: милициянын унаасы жолтандабасты аңтара сүзгөнү видеого түшүп калган
Эреже бузган жок! Милициянын унаасы аралашкан кырсыкка ИИМ өз версиясын айтты - Sputnik Кыргызстан
Бишкек: милициянын унаасы жолтандабасты аңтара сүзгөнү видеого түшүп калган

Видеодон светофордун жашыл түсү күйүп-өчө баштаганда, тагыраагы Lexus "уруксат берген" белгиден өткөндүгүн көрүүгө болот. Андан сырткары, милициянын атайын автоунаасынын төбөсүнөн күйүп-өчкөн жарык байкалбайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0