Атамбаевдин тегерене бийлегенин көрдүңүз беле? Кой-Таштан алынган сүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы президент өзүнүн үйүндө бийлеген.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Кой-Таш айылындагы үйүндө бийледи. Мындай сүрөттү Facebook баракчасына КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Адиль Турдукулов койду.

Сүрөттө Атамбаев короосунда ак көйнөкчөн аял менен, ал эми жубайы Раиса Атамбаева башка бир жигит менен вальс бийлеп жатканын көрүүгө болот.

Бүгүн Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү "Элдик штабда" кеч курун концерт болгон.

Милиция кызматкеринин фуражкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда күбөнү суракка кайсы учурда мажбурлап алып келет. Юристтин жообу
Эске салсак, Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыраткан. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттеги депутаттык комиссия койгон алты күнөөнүн бешөө негиздүү экенин ырастап, бул боюнча өзүнүн корутундусун дагы билдирген.

Алар: Кой-Таш айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз алуу, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна, акча адалдаган "Ака инвест" сыяктуу бир нече компанияга тиешеси бардыгы, Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупциялык иштер жана ТЭЦке көмүр ташыган компаниянын кызыкчылыгын коргоо маселеси.

Жаңылыктар түрмөгү
0