Токтогул суу сактагычында суу азбы? Энергетиктердин жообу

Жазылуу
Май айынын соңунда да окурман ГЭСтин сүрөтүн жиберген. Ал суунун мындай деңгээлге түшүп кеткенин биринчи жолу көрүп жаткандыгын билдирген.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Окурмандар Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp каналына Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү аз экендигин билдирип сүрөт жөнөттү. Алар мунун айынан электр энергиясынын кышында өчүрүлүүсүнөн кооптонууда.

Май айынын соңунда да жаран суу сактагычтын сүрөтүн жиберген. Ал суунун мындай деңгээлге түшүп кеткенин биринчи жолу көрүп жаткандыгын кабарлаган. Биз ошондо анын себептерин тактоого аракет кылганбыз. Адистер муну быйыл суунун аз болуп жаткандыгы менен түшүндүрүп, бул жылы аталган жайдын 86 пайызга чейин толо тургандыгын болжолдошкон. Энергетиктер мындай абал күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүүгө тоскол болбой тургандыгын билдирген. 

© фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуОкурмандар Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp каналына Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү аз экендигин билдирип сүрөт жөнөттү
Токтогул суу сактагычында суу азбы? Энергетиктердин жообу - Sputnik Кыргызстан
Окурмандар Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp каналына Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү аз экендигин билдирип сүрөт жөнөттү

"Электр станциялары" ачык акционердик коомунун маалымат кызматынын адиси Фатима Төрөканова 12-июлга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 15 миллиард 895 миллион кубду түзгөнүн айтты.

"Суткасына орточо 1 005 куб суу секундасына агып келип, 412си сарпталууда. 11-июлга карата компаниянын ишканалары 39 миллион 163 миң киловатт саат электр энергиясын өндүрдү. 5-июлда суунун көлөмү 15 миллиард 464 миллион куб метрди түзүп, 966 куб метр агып кирип, 350 куб метр агып өтүүдө. Мындайча айтканда, жети күн ичинде суу 431 миллион куб метрге жогорулады", — деди Төрөканова.

Кыргызстандын энергетикасындагы абал тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0