Ала-Арча суусуна агып кеткен 25 жаштагы жигиттин сөөгү табылды

© Sputnik / Табылды КадырбековСуучул издөө иштери учрунда. Архив
Суучул издөө иштери учрунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жигиттин сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилген.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Чүй облусунда Ала-Арча суусуна агып кеткен 25 жаштагы жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, жаш жигит кечээ, 14-июнь күнү, Байтик айылынан Ала-Арча суусуна түшүп кеткен.

"Бүгүн, 15-июнда, саат 08:00дө Аламүдүн районунан 20 куткаруучу издөө иштерине тартылган. Жыйынтыгында анын сөөгү саат 11:46да табылган", — деп жазылат билдирмеде.

Жигиттин сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0