Улуттук статком: тукумсуздукка алып келчү илдет 20-29 жаштагылардан көп табылууда

© Sputnik / Табылды КадырбековОоруканадагы бейтаптар. Архив
Ооруканадагы бейтаптар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрыкча, 1992-1995-жылдардын аралыгында төрөлгөн кыргызстандыктар арасында бул оору көп. Дал ушул убакта өлкөгө вакцина ташып келүү боюнча көйгөй жаралган.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Быйыл Кыргызстанда эпидемиялык паротит (шилекей бездеринин сезгениши), элге көбүрөөк «свинка» деп белгилүү болгон дартка чалдыккандардын саны өстү. Буга Улуттук статистикалык комитеттин январь-май аралыгындагы маалыматтары далил.

2019-жылдын беш айында былтыркы жылдын ушул маалына караганда кыргызстандыктар арасында бул дарт жети эсе көп аныкталган. Эгер 2018-жылдын январынан май айына дейре 100 миң кишиге 1,9 эпидемиялык паротит учуру катталган болсо, быйыл 12,5 учур бар.

Улуттук статкомдун маалыматына караганда, Бишкек, Талас, Баткен облустарында бул оорунун өсүшү көбүрөөк байкалат. Себептерин сураштыруу үчүн Sputnik Кыргызстан Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык иммундук алдын алуу борборунун (ИРБ) директору Гүлбара Ишенапысовага кайрылды.

Анын айтымында, медиктер паротиттин миң учурун каттаган, бул 20-29 жаштагы кыргызстандыктар арасында көп аныкталган.

"Азыр эпидемиялык паротит көбүнесе 1992-1995-жылдары төрөлгөндөрдөн табылууда. Дал ошол мезгил аралыгында Кыргызстан свинкага каршы вакцинасыз калган, экономикалык жагдай өлкөдө өтө кейиштүү эле. Ошондон улам опурталдуу топко болжол менен 300 миңдин тегерегинде бала кирип калган", — деп түшүндүрдү РИБдин жетекчиси.

Работа ГКБ № 59 в Москве - Sputnik Кыргызстан
Мурдуңарды коркпой тештире бергиле, гайморит өнөкөт болбойт! Дарыгердин маеги
Дарыгер эпидемиялык паротитке мезгилдүүлүк мүнөздүү экендигин айтып, ар беш-алты жылда оорунун өсүшү байкаларын кошумчалады.

"Кыргызстанда соңку ирет бул оорунун кескин өсүшү 2005-жылы катталып, жалпысынан 4700 учур аныкталган. Вакцина сатып алып, кеңири кампания баштап, 50 баланы эмдөөдөн өткөргөнбүз", — деди Ишенапысова.

Акыркы изилдөөлөрдүн жыйынтыгы вакцинанын бир ченеми эпидемиялык паротиттен толук коргобостугун көрсөттү.

"Белгилүү бир убакка чейин кыргызстандыктар вакцинаны бир гана ирет – бир жашка толо электе алышчу. Андай ыкма жетишерлик таасирдүү эмес деген бүтүмгө келдик, свинкага каршы бир жолу эмделгендердин төрттөн үч бөлүгүнүн аталган ооруга каршы туруштук бериши азая берген. 2015-жылдан тарта эмдөөнү алты жашында да бир кайталай баштадык", — дейт РИБ башчысы.

Айтымында, азыр аталган борбор өлкөнү бир вакциналуу паротиттик компонент менен жабдууга жол издөөдө.

"Бизде запаста классикалык КПК (кызылча, паротит, кызамыкка каршы вакцина) бар, алар балдар үчүн гана сатып алынган. Азыр биздин борборго моновакцина сатып берүү өтүнүчү менен Бишкек шаарынын жетекчилигине кат даярдоодобуз. Анын курамында тек гана паротиттик компонент камтылат. Мурда шаар бийлиги бизге мындай кырдаалдарда дайым кол сунуп келген, андан тышкары, өнөктөштөрүбүз да жардам берет деп үмүттөнөбүз", — деп кошумчалады дарыгер.

Анын айтымында, паротит аныкталган бейтаптарда оору өтүшүп кетиши байкалбайт, врачтар дартты дароо аныктап, дарылап жатышат. Адис паротиттин белгилери аныкталган бейтаптарды үйдө жатпастан, медиктерге кайрылууга чакырат.

Церемония открытия Ошской городской клинической больницы - Sputnik Кыргызстан
Дарынын жытын сагынам... Доктурлар кесибин эмнеге сүйөт
Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюмдун маалыматы боюнча, инфекция аба аркылуу тарайт. Адатта ооруга кабылган адам менен түз карым-катнашта жугат. Көбүнесе свинка менен 5-9 жаштагы балдар ооруйт. Негизги белгиси – шилекей бездери шишип кетет. Оору башталганда кишинин эти ысыйт, башы ооруйт, кыңкыстап алы кетет.

Аталган дүйнөлүк уюм эпидемиялык паротиттин өтүшүп кетиши менингитке, укпай калууга жана орхитке (тукумсуздукка алып келчү жыныстык бездердин сезгениши) алып келеринен коңгуроо кагат. Айрым бир учурларда свинканын кесепетинен бейтап энцефалит жана невралгиялык өнөкөт ооруларга чалдыгышы ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0