Нарын: алтын кендеги жардыруудан кийин мал кырылды. Видео, сүрөт

Жазылуу
Өлгөн малдын канын изилдей келгенде курамында нитрат жана мышьяк заттары бар экени аныкталган.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Нарындын Солтон-Сары жайлоосунда кой-козулар белгисиз себептерден улам кырылып жатат. Бул тууралуу видео жана сүрөттөрдү Facebook тармагынын колдонуучулары жүктөдү.

Видеонун автору козулар оттоп жүрүп эле жыгылып калып жатканын айтат.

"Козулар жыгылган жеринен төрт шыйрагы асманды карап тыбырап, оозунан ак көбүк чыгып өлүп жатат. Азыр минтип өлгөн малды чогултуп атабыз", — дейт автор.

Ал эми өлгөн малдын сүрөттөрү жүктөлгөн постко жайлоого анча алыс эмес жердеги алтын кениндеги жардыруу иштерден улам ушундай көрүнүш болуп жатканын жазышкан.

"Солтон-Сары жайлоосунда алтын кени бар. Ошол жердеги жардыруу иштеринен кийин суу, аба аябагандай булганууда. Натыйжада мал массалык түрдө кырылып жатканын жергиликтүү малчылар айтышууда", — деп жазылган билдирүүдө.

Аталган жайлоодо мал өлүп жатканын Нарын облусундагы өкмөттүн өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Азизов дагы тастыктады. Ошондой эле ал иштин чоо-жайын аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн билдирди.

«Солтон-Сарыда Бучук деген участок бар. Ал жерде Zhong Ji Mining company деп аталган кытайлыктар иштеткен алтын кени жайгашкан. Ошол жерде жардыруу иштери болгондон кийин малыбыз өлүп жатат деп Миң-Булак айылынын 50-60 тургуну келди. Бирок биз дароо эле аларды айыптабай, алгач чоо-жайын аныктайлы деп жатабыз. Ал үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн, кытай компаниясынын кызматкерлеринен жана тургундардан турган комиссия түзүлдү", — деди Азизов.

Анын айтымында, Zhong Ji Mining company ишканасы малдын өлүмүнө жардыруу иштери себеп болгону аныкталса, чыгымдын ордун толтуруп берүүгө даяр экенин билдиришкен.

Уран казууга кыршы митинги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда уранды иштетүүгө тыюу салынды, бирок бир жагдай бар
"Эртең комиссия өкүлдөрү суудан, жер кыртышынан үлгү алып, аны менен кошо өлгөн малды мамлекеттик жана менчик лабораторияларга тапшырат. Ага жергиликтүү элден дагы барышат. Муну бир беткей анализ чыкты деген айыптоолор болбошу үчүн кылып жатабыз. Анализ кандай жыйынтык берсе, ошого жараша иш кылабыз", — деди орун басар.

Азизовдун жергиликтүү элдин сөзүнө таянып билдиргенине караганда, жеринде 50-60 мал өлгөн. Эми бул санды тактоо үчүн жайлоого адистер жөнөп кетти.

Ал эми Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын маалыматына караганда, ушул убакка чейин 50-60 эмес, 29 баш козу өлдү.

"Бизге Солтон-Сары жайлоосунан кой-эчкилердин өлүп жаткандыгы боюнча маалымат 8-июлда түшкөн. Нарын райондук ветеринардык башкармалыктын жана ветеринардык лабораториясынын адистери менен биргеликте клиникалык кароо жүргүзгөндө жугуштуу ылаңдардын белгилери аныкталган жок. Бирок өлгөн малдын канын изилдей келгенде, курамында нитрат жана мышьяк заттары бар экени аныкталган", — деп айтылат инспекциянын билдирүүсүндө.

Мындан улам аталган инспекция мал ууланып өлүп жаткандыгы боюнча болжолдуу диагноз койду.

Ал ортодо "Короче" Telegram-каналына Солтон-Сары жайлоосундагы алтын кендеги жардыруунун видеосу жарыяланды. Анда "Zhong Ji Mining company компаниясы алтын казып жатат" деп жазылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0