Ысыкка байланыштуу жумушчу күн кыскартылабы? Министрликтин жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсыкта көчөдө бараткан адамдар. Архив
Ысыкта көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, жакынкы бир нече күн бою Бишкекте аба ырайы +34 градустан төмөн түшпөйт.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Окурмандар Sputnik Кыргызстан агенттигинин редакциясына кайрылып, күндүн катуу ысышына байланыштуу жумушчу күн кыскарар-кыскарбашын тактап берүүнү суранышты.

Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, жакынкы бир нече күн бою Бишкекте аба ырайы +34 градустан төмөн түшпөйт жана жогорулабайт.

Суроого жооп алуу максатында Sputnik агенттигинин кабарчысы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү  министрлигине кайрылды. Ведомствонун маалымат кызматы азырынча кыргызстандыктар кадимки режимде иштей турганын кабарлады.

"Аба ырайына байланыштуу иш күнүн кыскартуу каралган жок", — деди маалымат катчы Кымбат Кадыралиева.

Белгилей кетчү жагдай, Кыргызстандын Эмгек кодексинде ысык аба ырайына байланыштуу иш күнүн кыскартуу каралган эмес. Анткен менен мыйзамдагы 211-беренеге ылайык («Жумуш берүүчүнүн милдеттери»), иш берүүчү жумушчунун ден соолугуна зыян келтирбеген шарт түзүп берүүгө милдеттүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0