Бишкек мэриясы. Архив

Президенттин портрети менен ойногон мэриянын өкүлдөрү: бизди кечирип койгула

4515
(жаңыланган 10:12 16.07.2019)
Видеодогу жигиттер "Бишкектеги унаа токтотуучу жайлар" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Президенттин портрети менен ойногон Бишкек мэриянын кызматкерлери катуу жазаланат. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Буга чейин социалдык тармакта кызматкерлердин бири тамашага салып, Сооронбай Жээнбековдун портрети менен кесиптешин ургулап жаткан кыска видео пайда болгон. Кабинетте үчүнчү адам дагы отурган.

Эки кызматкер "Чык эшикке" деген сөздү айтышкан. Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы премьер-министр болуп турган кезинде өкмөттүн жыйынынан аткаминерлердин бирин так ушул сөздү айтып кууп чыккан.

Видео тарагандан кийин вице-мэр Алмаз Бакетаев пландык жыйын учурунда вице-мэр Азиз Алымкуловго, мэриянын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаевге жана "Бишкектеги унаа токтотуучу жайлар" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Улан Жолдошовго тасмадагы кызматкерлерге катуу чара көрүү тапшырмасын берген.

Кийинчерээк Бишкек мэриясынын маалымат кызматы эки кызматкер кечирим сурап жаткан видеону жарыялады.

"Бүгүнкү кемчилигибиз үчүн кечирим сурайбыз, уят нерсе болду. Урматтуу Сооронбай Шарипович, сизден дагы кечирим сурайбыз. Сөздүн ачыгы, бизде жаман ой болгон эмес. Портреттин жиби үзүлүп калгандыктан байлап коелу деп алган элек... Ушундай болуп калды. Кечирип коюңуздар", — деди алардын бири.

Экинчи кызматкер дагы кечирим сурады.

4515
Белгилер:
президент, портрет, Бишкек мэриясы, Бишкек
Тема боюнча
Мэрия муниципалдык аймактык башкармалыктардын ишин тыкыр көзөмөлгө алды
Аял төшөктө уктап жатат. Архив

Дагарага суу куюп... Ысыкта кондиционери жокторго кеп-кеңеш айтылды

6
(жаңыланган 08:47 15.07.2020)
Адис уйку түнкүсүн ысыкта тынч болушу үчүн бир нече кеңештерди берип, бөлмөнү салкын кармагандан тарта адам кандай жууркан жамынышы керектигин айтты.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Россиянын сомнологдор коомунун мүчөсү, дарыгер Алена Максимова ысыкта кондиционерсиз кантип кана уктаса болорун айтып, кеңеш бергенин РИА Новости жазды.

"Уктоочу бөлмөгө аба нымдагычын дагы коюп койсо болот. Ал жок болсо дагарага муздак суу куйса деле болот. Бул бөлмөнү муздатат деп сарсанаа болбоңуз, ал кошумча нымдуулукту гана камсыздайт. Бирок, менин оюмча, кондиционер койдурганга аракет жасаш керек", — деген Максимова.

Ал белгилегендей, кондиционер жок болсо терезелерди ачуу керек. Бирок уктоочу бөлмөнүн пардаларын түшүрүп коюу зарыл.

Уйкусу канбаган адамдар кандай дартка чалдыгары айтылды

Ошондой эле ысыкта жууркан жамынбай уктоону же болбосо чыт менен пахтадан даярдалган жука жууркан пайдаланууну сунуштаган. Ал кошумчалагандай, күн ысык мезгилде синтетикалык жапкычтардан алыс болуу керек, алар терини дем алдырбай коет.

6
Белгилер:
дарыгер, жууркан, Суу, кондиционер, ысык
Тема боюнча
Кондиционер коронавирусту жайылтабы. Адистин пикири
Ооруканадагы рентген аппаратурасы. Архив

Аймактагы ооруканалар миллиондогон сомго тендер жарыялай баштады

17
(жаңыланган 08:32 15.07.2020)
Медициналык мекемелер дары-дармек, жеке коргонуучу каражаттарды жана жабдуу алуу үчүн Мамлекеттик сатып алуулар порталына буюртмаларын чыгарды.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Өлкө аймагындагы ооруканалар коронавируска каршы күрөшүү үчүн бир катар тендер жарыялашты. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталына чыкты.

Ага ылайык, Ош аймак аралык бириктирилген клиникалык ооруканасы 7 миллион 811 миң 200 сомго эндоскопия жана эндохирургия үчүн аппаратура, тогуз миллионго рентген, үч миллионго операциялык стол алат.

Боронов: Ирандан учак менен дары алып келебиз, бир-эки күндө тартыштык жоюлат

Нарын райондук үй-бүлөлүк медицина борбору 11 миллион 446 миңге дары-дармек, жеке коргонуучу каражаттарга буюртма берүүдө.

Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медицина борбору 2 миллион 136 миң 852 сомго коргоо каражаттарын ала турган болсо, Ноокат аймактык ооруканасы 7 миллион 373 миң 537 сомго дары, реактив сатып алуу ниетин билдирген.

17
Белгилер:
тендер, оорукана, медицина, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Жээнбеков: Кыргызстанда дары-дармек өндүрүү жолдору каралууда
Өкмөт: кычкылтек концентраторунун маселеси чечилди, саны жетиштүү