Бишкек мэриясы. Архив

Портрет менен ойногон мэрия кызматкерлеринин кечирим сураган видеосу

445
(жаңыланган 18:01 16.07.2019)
Мэрия кызматкерлерине катуу чара көрүп, кызматтан кетирүүгө чейин барарын айтууда.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбековдун портрети менен ойногон Бишкек мэриянын кызматкерлеринин кечирим сурап жаткан видеосу жарыяланды.

Буга чейин социалдык тармакта кызматкерлердин бири тамашага салып, мамлекет башчы Жээнбековдун портрети менен кесиптешин ургулап жаткан кыска видео пайда болгон. Кабинетте үчүнчү адам да отурган.

Мындан сырткары, эки кызматкер бири-бирин "Чык эшикке" деп тамашалап жаткан. Жээнбеков 2017-жылы премьер-министр болуп турган кезинде өкмөттүн жыйынынан аткаминерлердин бирин так ушул сөздү айтып кууп чыккан.

Видео тарагандан кийин вице-мэр Алмаз Бакетаев пландык жыйын учурунда вице-мэр Азиз Алымкуловго, мэриянын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаевге жана "Бишкектеги унаа токтотуучу жайлар" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Улан Жолдошовго тасмадагы кызматкерлерге жумуштан бошотууга чейинки катуу чара көрүү тапшырмасын берген.

Кийинчерээк эки кызматкердин коомчулуктун алдында кечирим сурап жаткан видеосу "Короче" Telegram-каналына жүктөлдү.

"Бүгүнкү кемчилигибиз үчүн кечирим сурайбыз, уят нерсе болду. Урматтуу Сооронбай Шарипович, сизден дагы кечирим сурайбыз. Сөздүн ачыгы, бизде жаман ой болгон эмес. Портреттин жиби үзүлүп калгандыктан байлап коелу деп алган элек... Ушундай болуп калды. Кечирип коюңуздар", — деди алардын бири.

Экинчи кызматкер дагы кечирим сурады.

445
Белгилер:
портрет, жаза, чара, кызматкер, Бишкек мэриясы, Бишкек
Тема боюнча
Президенттин портрети менен ойногон мэриянын өкүлдөрү: бизди кечирип койгула
Футболчулар. Архив

Түркияда ойногон кыргызстандык жаш футболчу эл аралык сыйлыкка татыды

9
(жаңыланган 20:46 07.08.2020)
Өспүрүм футболчу "Галатасарай" - "Истанбул спор" беттешинде жаңылыштыктан белгиленген 11 метрлик айып тобун атайын сыртка тээп, жоомарттык көрсөткөн.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кыргызстандык жаш футболчу, Түркиянын "Галатасарай U-14" клубунун капитаны Бекназар Алмазбеков футболдук беттеште көрсөткөн акыйкаттык кадамы үчүн эл аралык Fair Play сыйлыгына татыды. Бул тууралуу Anadolu маалымат агенттиги жазды.

Өткөн жылы 13 жаштагы кыргызстандык ойногон команда Түркиянын 14 жашка чейинки футболчуларынын чемпионатында "Истанбул спор" клубу менен ойнойт. Анын жүрүшүндө Алмазбеков  капталдан чабуулга баратып, дарбаза сызыгына киргенде коргоочуну алдап өткөнү жатып кулаган. Беттеш калысы ага карата эреже бузулду деп эсептеп, 11 метрлик айып тобун белгилеген.

Кыргызстандык футболчу өзү эреже бузулбаганын, калыстын чечими жаңылыш болгонун белгилеп, 11 метрлик айып тобун атайын дарбазадан сыртка тээп, жоомарттык көрсөткөн.

Fair Play эл аралык комитети тарабынан берилүүчү мындай престиждүү сыйлыктын быйылкы лауреаттары 5-августта жарыяланды. Алмазбековдун талапкерлигин 2019-жылдын декабрь айында Түркиянын Олимпиадалык комитети көрсөткөн.

"Лацио" клубунун футболчусу Чиро Иммобиле "Алтын бутса" сыйлыгын утту

Fair Play эл аралык комитет мындай сыйлыкты 1964-жылдан бери жыл сайын тапшырып келет. Уюмдун башкы максаты спортто акыйкаттык көрсөткөн спортчуларды сыйлоо болуп саналат.

9
Белгилер:
сыйлык, Кыргызстан, футбол
Тема боюнча
France Football: быйыл "Алтын топ" сыйлыгы берилбейт
Терезенин жанында турган адам. Архив

Парламенттик шайлоого катышууну каалаган партиялардын кожоюндары кимдер? Тизме

26
Күздөгү парламенттик шайлоого катышуу ниетин 44 саясий партия билдирди. Sputnik Кыргызстан алардын лидерлери жана негиздөөчүлөрү тууралуу макала даярдады.

Шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышууну каалаган 44 партия БШКга арыздарын беришти. Маалымат Юстиция министрлигинин сайтынан жана Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын сайтынан алынды.

Партия тууралуу кененирээк маалымат билүү үчүн анын аталышын басыңыз.

Маалыматта айырмачылыктар болуп жаткандыктан, булактарды көрсөтүү менен эки вариантты тең бердик. Ошондой эле партиялардын катталган (жаңы уюшулган) жана кайра катталган (партиянын саясий курамы өзгөргөндө) убактары көрсөтүлгөн.

Кызыгы, партияны кимдер түзгөндүгү тууралуу маалыматты айрымдар көрсөткөн эмес. Мындан тышкары, бул 44 партия тең парламенттик шайлоого катыша алат деген кепилдик жок. 24-августка чейин алар талапкерлердин тизмесин берүү менен күрөө коюшу керек. Ал эми 4-сентябрга чейин БШК каттоого алат же баш тартат.

 

26
Белгилер:
Парламент, тизме, саясый партия, БШК, шайлоо, Кыргызстан
Тема:
Шайлоо-2020
Тема боюнча
Добуш сатып алууга каршы күрөш. Жээнбеков мыйзамга кол койду
Шайлдабекова: үгүт иштеринде концерт, спорттук оюндарды өткөрүүгө тыюу салынат
Боронов: шайлоого даярдык боюнча Республикалык штаб түзүлдү