Меккеге аттанган зыяратчылардын алгачкы тобу бүгүн түнү учат

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүУчак. Архив
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл Сауд Аравия Падышачылыгы Кыргызстанга 6010 квота бөлгөн.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 16-июлдан 17-июлга караган түнү Бишкек – Медина багыты боюнча учуп кетет. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Аларды узатуу иш-чарасына муфтий  Максатбек Токтомушев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан, Сауд Аравиянын Кыргызстандагы элчилигинен, ажылыкты уюштуруу боюнча штабынан өкүлдөр катышат.

"Бишкек шаарынан учуп кетип жаткан 392 зыяратчыны 8 ажы башчы коштоп барат. Ажылыкка аттанган ар бир жаран учуу графигинде көрсөтүлгөн мөөнөттөн беш саат эртерээк аэропортко барып, каттоого даярдануусу зарыл", — деп айтылат маалыматта.

Жалпысынан Бишкек менен Оштон 18 каттам уюштурулган.

Эскерте кетсек, Сауд Аравия Падышачылыгы 6010 квота бөлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0