БИШКЕК , 16-июл. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 16-июлуна карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 16 миллиард 75 миллион куб метрди түздү. Бул туурасында "Электр станциялары" ишканасынын маалымат кытчысы Фатима Төрөканова билдирди.
Буга чейин окурмандар Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp каналына Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү азайып кеткенин айтып, сүрөтүн жиберишкен. Мындан улам алар кышкысын электр жарыгына чектөө коюлуп калабы деп чочулашууда."Электр станциялары" ишканасынын маалымат кызматы азыркы тапта өткөн жылга салыштырмалуу суунун көлөмү 2 миллиард 2 миллион куб метрге аз экенин билдиришти.
"Суунун азайышы - Кыргызстанда суунун тартыштыгы жаралганына байланыштуу. Суунун агып киришинин орточо көлөмү секундасына 890 куб метр, чыгышы 412 куб метрди түзөт. Ал эми өткөн суткада саатына 39 миллион 626 миң киловатт электр энергиясын өндүрдү. Салыштыруу үчүн айтсак, 12-июлда суунун көлөмү 15 миллиард 895 миллион куб метрди түзгөн. Башкача айтканда, беш күндө көлөмү 180 миллион куб метрге көбөйгөн", — деди Төрөканова.
Маалымат катчынын айтымында, энергетиктер күз-кыш мезгилдерине чейин сууну 16,7 миллиард куб метрге чейин чогултууну пландап жатат. Мындай абал күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүүгө тоскоол болбойт.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Германия Кыргызстанга 14,9 миллион евро өлчөмүндөгү карызын кечүүгө даяр. Болгону Кыргызстан ал каражатты ипотекалык кредитке жумшашы керек. Бул тууралуу журналисттерге Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия буга макул болду.
"Жалгыз Германия карызды жоюу боюнча макулдугун берди. Документке кол коюла элек, бирок сүйлөшүүлөр болду”, — деди Татиков.
Ал кошумчалагандай, бул каражат эми Мамлекеттик ипотекалык компанияга жумшалат деп күтүлүп жатат.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Каракол шаарынын Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматы өткөн жылдын сентябрь айында берилген Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү жолтандабасты башка автоунаага КР президентинин иш башкармалыгы менен алмашып алды. Бул тууралуу кызматтын жетекчиси Нуркамел Бектуров билдирди.
Социалдык тармактарда “медиктерге берилген автоунааны президенттин иш башкармалыгы алып алыптыр” деген маанидеги посттор жарыяланды.
Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси менен байланышты. Ал автоунааны алмашып алышканын тастыктап, жолтандабастын ордуна Volkswagen Polo үлгүсүндөгү машина алышканын билдирди.
Эске салсак, өткөн жылдын июль айында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө тиешелүү автоунаага башка автонун номери тагылып жүргөн жерден кармалып, чуу чыккан. Кийин ал авто эл аралык долбоордун негизинде сатып алынганы айтылган. Көп өтпөй автокөлүк Каракол шаарынын Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматына белекке берилген.