Президенттин аппараты портрет менен ойногон кызматкерлерди иштен албоону суранды

Жазылуу
Жаш кызматкерлер буга чейин жоруктары үчүн кечирим сураган.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбековдун портрети менен ойногон Бишкек мэриянын кызматкерлери кызматтан кетпей турганын шаардык муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Буга чейин социалдык тармакта кызматкерлердин бири тамашага салып, мамлекет башчы Жээнбековдун портрети менен кесиптешин ургулап жаткан кыска видео пайда болгон. Кабинетте үчүнчү адам да отурган.

Чык эшикке! Зеленский жыйындан аткаминерди кууп чыккан видео - Sputnik Кыргызстан
Чык эшикке! Зеленский жыйындан аткаминерди кууп чыккан видео
Мындан сырткары, эки кызматкер бири-бирин "Чык эшикке" деп тамашалап жаткан. Жээнбеков 2017-жылы премьер-министр болуп турган кезинде өкмөттүн жыйынынан аткаминерлердин бирин так ушул сөздү айтып кууп чыккан.

Видео тарагандан кийин вице-мэр Алмаз Бакетаев пландык жыйын учурунда вице-мэр Азиз Алымкуловго, мэриянын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаевге жана "Бишкектеги унаа токтотуучу жайлар" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Улан Жолдошовго тасмадагы кызматкерлерге жумуштан бошотууга чейинки катуу чара көрүү тапшырмасын берген.

Мэриядан кабарлашкандай, президенттин аппараты мэрия жетекчилигине кызматкерлерин иштен албоону сунуштаган.

Маалыматта муниципалитет өкүлдөрүнө түшүндүрүү иштери жүргүзүлө тургандыгы кошумчаланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0