Кызын жетелеген аял. Архив

Баланы кор кылбай багып беришет! Фостердик үй-бүлө жана аны ачуунун жол-жобосу

1515
(жаңыланган 18:45 16.07.2019)
Таалайгүл Усенбаева
Кароосуз калган балдарды убактылуу баккан үй-бүлөлөргө (фостердик) мамлекет айына 6000 сомдон айлык маяна төлөп берет. Мындан тышкары, асырап ала турган ар бир балага да акча бөлүнөт.

ИИМдин маалыматы боюнча, 2018-жылы 13 бала зордук-зомбулуктун оор түрүнө кабылып, анын тогузу алган жараатынан көз жумган. Бөбөктөргө жасалган кордукту алдын алып, кароосуз калган балдарга татыктуу тарбия берүү максатында 2014-жылдан бери Кыргызстанда фостердик үй-бүлө программасы иштеп келет.

Фостердик үй-бүлө деген эмне, ал балдар үйүнөн эмнеси менен айырмаланат? Аны ачыш үчүн ата-энелер эмнени билиши керек жана анын талаптары кандай? Кароосуз калган балдарды убактылуу карап берген мындай жайлар тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Үй-бүлө жана балдарды коргоо башкармалыгынын башкы адиси Айнура Шаршеналиева айтып берди.

Фостердик үй-бүлө деген эмне?

Фостердик үй-бүлө — кароосуз калган наристе, өспүрүмдөрдү убактылуу асырап берет. Алар жетим балдарды, ата-энеси соттолуп же дайынсыз жоголуп кеткендердин, ден соолугу начар болгондуктан өздөрү карай албаган адамдардын чүрпөлөрүн да камкордукка алат. Ошондой эле ата-энеси көп убакытка чет өлкөгө мигрант болуп иштеп кеткен, таштаарга жери жоктордун балдарын да карайт. Бирок толугу менен асырап албайт, мамлекет менен түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин эле бага алат.

Мындай балдарды карап жатканы үчүн фостердик бүлөдөгү ата-эненин бирөөнө гана мамлекет айына 6000 сомдон айлык маяна чыгарып берип турат. Ал акчадан социалдык фондуга кармалат да, кийин пенсиясына кошулат. Ошондой эле асырап алган ар бир балага айына 6000 сомдон жөлөк пул каралган.

Фостердик үй-бүлө ачуунун талаптары, жол-жобосу:

— Бала багып алам дегендер Кыргызстандын жараны болууга тийиш;

— Жашы 35-65ге чейин болушу шарт.

Бала багууну каалагандар алгач министрликтин жашаган жериндеги аймактык бөлүмүнө арыз менен кайрылышат. Андан соң документтерин көрсөтүшөт.

Убактылуу ата-эне статусун алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:

— арыз;

— жубайлардын паспортунун көчүрмөсү;

— никеге тургандыгы тууралуу күбөлүк;

— жубайынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугу (эгер никеде турса);

— жашаган жеринен үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат;

— жашаган жеринен үй китепчесинен көчүрмө же турак жайга укугун ырастоочу документ;

— соттолбогондугу тууралуу ички иштер органдарынын маалымкаты;

— баланы алууну каалаган адамдын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугу жөнүндө маалымкат;

— өкмөт тарабынан аныкталган тизмеге ылайык, оорулардын жоктугу жөнүндө медициналык корутунду;

— иштеген жеринен же жашаган жеринен мүнөздөмө;

— арыз ээлеринин толук өмүр баяны;

— аз дегенде үч кишиден кепилдик берилген жазуу жүзүндөгү сунуштар.

Арыз жазылып, документтер толук болгондон кийин социалдык кызматкерлер ал үй-бүлөнүн жашоосун, балдарга канчалык деңгээлде шарт түзүлгөнүн текшерип чыгышат. Эгер баары жакшы болсо, жубайлар фостердик үй-бүлө тууралуу атайын 72 сааттык окууга жөнөтүлөт. Окуп, сертификат алганда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери менен алардын ортосунда келишим түзүлүп, балдарды бага башташат.

Баса, фостердик үй-бүлөнү документтеринин баары туура жана жашоо-шарты жакшы болсо, жалгыз бой аялдар деле ача алат экен.

Бир үй-бүлө канча бала бакса болот?

Эгер фостердик үй-бүлө ачкан жубайлардын өздөрүнүн бир же эки баласы бар болсо, анда алар үчкө чейин чүрпө асырай алышат. Ал эми балдары жок ата-энелер бешке чейин наристе же өспүрүм багып алууга уруксат берилген.

Кароосуз калган бөбөктү канча убакытка чейин карашат?

Кароосуз калган бөбөктү ар кандай — келишимде көрсөтүлгөн убакытка чейин камкордугуна алат. Айрым учурда бир айга чейин эле багып беришет. Бул шашылыш учур болуп эсептелет. Баланын ал үй-бүлөгө көнүп, тил табышып кеткенине да байланыштуу. Эреже боюнча 3-18 жаштагылар багууга берилет. Эгер ата-эне менен асыранды бала тил табышып, мамилеси келишсе узак убакытка - 18 жашка чейин деле тарбиялап берсе болот. Социалдык кызматкерлер кичинекейлердин кандай шартта тарбияланып жатканын ай сайын текшерип турушат.

Фостердик үй-бүлөнүн өзгөчөлүгү

Багып алуучу (фостердик) үй-бүлөдө балдар мээримдүү чөйрөдө өсөт. Бул алардын келечектеги жашоосуна да жакшы таасирин тийгизет. Анын балдар үйүнөн айырмачылыгы — кароосуз калган наристе, өспүрүмдөр үй-бүлөдө, ата-эне мээримин көрүп чоңоёт.

Статистика

Кыргызстанда алгачкы фостердик үй-бүлө 2014-жылы Бишкекте пайда болгон. Анда 2005-жылы төрөлгөн бала багып алууга берилген.

Бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө жалпы 65 фостердик үй-бүлө ачылып, алар 149 баланы багып беришкен. Азыркы тапта Кыргызстан боюнча мындай 20 жай иштеп, анда 38 бала багылып-тарбияланып жатат. Мындай бүлөлөрдүн көбү Ысык-Көл облусунда. Баткен, Ош, Жалал-Абад, Чүй аймактарында бирин-серин бар болсо, Нарын менен Таласта азырынча ачыла элек.

1515
Белгилер:
бакма бала, үй-бүлө, фостердик үй
Тема боюнча
Балаңыздын бакчасына канча бөбөк ашыкча барарын билесизби? Бишкектеги жагдай
Никелешүү базарга барып келгендейби? Же эмнеге жаштар оңой ажырашат