Кечинде такси айдайм. Мэриянын портрет менен ойногон кызматкерлеринин маеги

© Фото / Pixabay/ StockSnapДвое мужчин за столом
Двое мужчин за столом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэриясы муниципалитеттин чуулуу видеонун каарманы болгон эки кызматкердин иштен кетиши мүмкүн экенин айтты. Ал эми социалдык тармак колдонуучулары мындай жазаны оголе катаал деп баалап жатат. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Уларбек Сыдыкбеков жана Казыбай Турусбай уулунун өздөрү менен байланышып, алардын пикирин укту.

Интернетте мэриянын кызматкерлери тамаша иретинде бири-бирине президент Сооронбай Жээнбековдун портрети менен тап берип жаткан видео тараган. Ошол эле учурда кызматкерлер "Чык эшикке!" деп айтышат. Жээнбеков бул сөздү 2017-жылы премьер-министр кезинде кайсы бир аткаминерди жыйындан кууп чыкканда айткан эле.

— Бүгүн жетекчилик менен олуттуу сүйлөшүү болуптур. Жыйынтыгы эмне болду?

Уларбек: — Биз түшүнүк кат жаздык. Мындан ары эмне болору азырынча белгисиз. Чын эле аябай катуу сүйлөшүү болду. Сөгүш алдык.

Казыбай: — Азыр профсоюздун чечимин күтүп жатабыз. Алар азыр эмгек өргүүдө экен. Жумушка 23-июль күнү чыгат дешти, ошондон кийин чечилет окшойт. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Бишкектеги унаа токтотуучу жайлар" муниципалдык ишканасынын кызматкери Уларбек Сыдыкбеков
Кечинде такси айдайм. Мэриянын портрет менен ойногон кызматкерлеринин маеги - Sputnik Кыргызстан
"Бишкектеги унаа токтотуучу жайлар" муниципалдык ишканасынын кызматкери Уларбек Сыдыкбеков

— Видеодо эмне тууралуу болуп жатканын буга чейин деле айттыңар, бирок көрбөгөндөр үчүн дагы бир ирет түшүндүрө кетсеңиздер...

Казыбай: — Видео менен сүрөттөр интернетке чыкканга чейин жакшылап монтаждалган. Эл ал жерде болгон окуянын бир аз гана бөлүгүн көрдү. Кыскасы, аны кескилеп туруп, чеберчилик менен монтаждашыптыр.

Бишкек мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Портрет менен ойногон мэрия кызматкерлеринин кечирим сураган видеосу
Уларбек: — Бизде эч кандай жаман ой жок болчу. Биздин кабинетте кондиционер сынып калып, убактылуу башка кабинетте отурдук эле. Ооба, туура эмес иш кылдык. Мунубуз үчүн коомчулуктан кечирим сурайбыз. Ошондой эле президентке кайрылабыз. Урматтуу Сооронбай Шарипович, кечирип коюңуз, жаман оюбуз жок болчу. Портрет илинип турган жип үзүлүп калганынан биз аны алмаштыралы деп жатканбыз. Дал ошол учурда сүрөткө тартып алышыптыр. 

— Видеонун интернетке чыгып кеткенин кимден уктуңар. Негизи эле анын коомчулукка чыгып кетишине эмне себеп болду?

Уларбек: — Видео тараганы тууралуу досторум айтты. Дароо эле жумушка бардым. Чынын айтсам, аны ким жарыялап ийгенин ушул убакка чейин биле элекмин. Көп өтпөй жетекчилик сөзгө чакырды.

Казыбай: - Биринчилерден болуп мага туугандарым чалып, интернетте мен кошулуп жүргөн түшүнүксүз видео пайда болгондугун айтышты. Андан кийин баары башталды... 

© Фото / предоставлено Казыбаем Турусбай уулу"Бишкектеги унаа токтотуучу жайлар" муниципалдык ишканасынын кызматкери Казыбай Турусбай уулу
Кечинде такси айдайм. Мэриянын портрет менен ойногон кызматкерлеринин маеги - Sputnik Кыргызстан
"Бишкектеги унаа токтотуучу жайлар" муниципалдык ишканасынын кызматкери Казыбай Турусбай уулу

— Интернетте мэрдин силерди иштен бошотуу боюнча чечимине нааразы болгондор чыкты. Көптөрү сөгүш берсе жетиштүү болот деген пикирлерин айтышты. Өзүңөр кандай ойлойсуңар?

Уларбек: - Чынын айтсам, ал комментарийлердин баарын окуган жокмун. Бул жаңылыштык экенин жана ал үчүн ала турган жазам да жогору болорун билем. Мен ишимди жакшы көрөм жана баалайм. Жан тарткан пикирге комментарий бербей эле коёюн, себеби жагдай ансыз деле чыңалып турат.

Казыбай: —Мага ишим жагат, жумушумду сапаттуу жана кесипкөйлүк менен аткарам. Бул видеодон кийин бизди иштен бошотуу чечими туура же туура эмес болорун айта албайм. Бул окуянын айынан ишимди жоготкум келбейт.

—Мэрияда эмне иш кыласыздар, айтып берсеңиздер?

Казыбай: - Көптөр мэрияга ишке өң-тааныш менен гана орношот деп ойлошот, бирок андай эмес. Мен конкурстан өтүп, анан жумушка киргем. Келип документтеримди өзүм эле тапшыргам. Буга чейин кытай тилинен сабак берчүмүн, бирок андан ары өсөйүн деп муниципалитетке келгем.

Кесиптешибиз экөөбүз маанилүү болгон — Бишкектеги автоунаа токтотуучу жайлар боюнча маселени оптималдаштыруу боюнча иштейбиз. Мен "Бишкектеги автоунаа токтотуучу жайлар" деп аталган муниципалдык ишканасында мониторинг жана аны ишке ашыруу боюнча бөлүмдүн жетектөөчү адисимин.

© Sputnik / Табылды КадырбековУларбек Сыдыкбеков: бул жаңылыштык экенин жана ал үчүн ала турган жазам да жогору болорун билем. Мен ишимди жакшы көрөм жана баалайм.
Кечинде такси айдайм. Мэриянын портрет менен ойногон кызматкерлеринин маеги - Sputnik Кыргызстан
Уларбек Сыдыкбеков: бул жаңылыштык экенин жана ал үчүн ала турган жазам да жогору болорун билем. Мен ишимди жакшы көрөм жана баалайм.

Уларбек: — Мэрияда жети жылдан бери эмгектенем, университетти бүтүп эле бул жакка ишке киргем. Өзүмдүн кылган иштерим жана командам жагат. Биз шаарды жакшыртуунун камындабыз. Албетте, автоунааларды токтотуу маселеси биздин жарандар үчүн баш ооруткан маселе, бирок аны чечүүгө аракет кылып жатабыз. Жакында эле кызматыман жогорулап, "Бишкектеги автоунаа токтотуучу жайлар" муниципалдык ишканасынын укук бөлүмүнүн жетекчиси болгом. 

— Көптөр мэрияда иштесе эле көп акча табат жана шаан-шөкөт менен жүрөт деп ойлошот. Бул туурабы?

Уларбек: — Менин айлыгым 18 миң сом. Келинчегим жана эки балам менен квартирада турам. Эл катары эле оокат кылабыз. Жашоом башка кыргызстандыктардыкына караганда оор жана кыйын деп айта албайм.

Казыбай: - Мен катардагы эле бишкектикмин, 15 миң сом айлык алам. Келинчегим жана кичинекей кызым бар. Иштен кийин такси айдайм, акча дайыма эле жете бербейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0