Кадимки шире ракка кабылтат деп ким ойлоптур. Окумуштуулардын иликтөөсү

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүПроизводство сока на заводе "Очаково"
Производство сока на заводе Очаково - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иликтөөгө 40 жаштын тегерегиндеги 100 миңдей адам катышкан.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Шире жана газдалган суусундуктар онкологиялык илдеттерди пайда кылышы мүмкүн. Франциялык окумуштуулардын иликтөөсү  дал ушундай жыйынтык бергенин British Medical Journal сайты жазып чыкты.

Иликтөөгө 40 жаштын тегерегиндеги 100 миңдей адам катышкан. Аларга тамак рациону боюнча суроолор берилген. Окумуштуулар бир бүтүмгө келүү үчүн суралгандардын жынысын, мурдагы ооруларын, туугандарынын арасында рак илдетине кабылгандар бары-жогун, ичимдик ичүү, чылым чегүү сыяктуу жаман адаттарын эске алды.

"Жыйынтыгында 100 грамм шире же газдалган суусундук жалпы эле онкологиялык оорулардын пайда болуу тобокелдигин 18 пайызга, эмчек рагыныкын 22 пайызга көбөйтөрү белгилүү болду", — деп жазылат макалада.

Бирок окумуштуулар бул суусундуктардын рак илдеттерин эмне себептен пайда кыларын аягына чейин иликтей элегин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0