Борбор Азиядагы журналистика кандай өзгөрдү. ЕККУ өкүлүнүн пикири

© Sputnik / Максат ЭлебесовМультимедийный пресс-центр Sputnik Кыргызстан
Мультимедийный пресс-центр Sputnik Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЕККУнун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир Борбор Азиядагы ЖМКлардын укугун сакташ үчүн мамлекеттик органдардын аракетине кийлигишүүгө аргасыз болгонун белгиледи.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Борбор Азиядагы басма сөз, медианын иши тууралуу ЕККУнун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир айтып берди.

Ал Борбор Азиядагы ЖМКлардын "Санарип трансформациянын шарттарындагы эркиндик жана ЖМКнын плюрализми" аттуу конференцияда сүйлөдү.

"Былтыр Нур-Султанда өткөн конференцияда Борбор Азиядагы сөз эркиндигин талкуулаганбыз. Акыркы убакта абал бир кыйла жакшырды. Ошентсе да сөз эркиндигин сактоо керектигин көрүп жатабыз", — деди Дезир.

ЕККУнун өкүлү Борбор Азиядагы ЖМКлардын укугун сакташ үчүн мамлекеттик органдардын аракетине кийлигишүүгө аргасыз болгонун белгиледи.

Конференцияга Кыргызстандан, Казакстандан, Тажикстандан, Түркмөнстандан, Өзбекстандан жана Монголиядан келген жүздөн ашык журналист менен эксперттер катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0