Үйдөн чыкпай эле паспорт алуу дагы арзандады

© Sputnik / Табылды КадырбековВыдача новых биометрических паспортов в КР
Выдача новых биометрических паспортов в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынамык долбоор жыл аягына чейин иштейт.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Кыргызстанда документ берүү үчүн кишилердин үйүнө чейин барган мобилдик топтордун кызмат көрсөтүүсү арзандады. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан (ММК) кабарлашты.

Водительские права гражданина КР - Sputnik Кыргызстан
Мамкаттоо айдоочулук күбөлүк берүү мөөнөтүн беш күнгө узартууну сунуштады
Эми 995 сомго үйдөн чыкпай эле паспорт алууга болот. Аталган долбоор Баткен, Жалал-Абад, Каракол, Кызыл-Кыя, Нарын, Талас, Токмок, Өзгөн шаарларында жана Базар-Коргон, Сокулук, Сузак айылдарында иштейт.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында бул кызмат бир киши үчүн мурдагыдай эле 1616 сомду түзөт.

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, карылар үйүндө жашагандар, биринчи топтогу майыптар, балдар үйүндө жашаган жетимдер бул кызматтан бекер пайдалана алышат.

Мамлекеттик каттоо кызматы ар бир облуста мобилдик топтор бар экенин эскертет. Бардык суроолор боюнча МККнын 119 номери (чалуу бардык байланыш операторлору үчүн бекер) аркылуу чалып билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0