Маданият министри Кыргызстандын башка өлкөлөрдөн артыкчылыгын айтып берди

© Sputnik / Табылды КадырбековГлава Департамента туризма КР Азамат Жаманкулов
Глава Департамента туризма КР Азамат Жаманкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарага алты өлкөдөн келген жүздөн ашык журналисттер менен эксперттер катышууда.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Кыргызстан башка өлкөлөрдөн эмнеси менен айырмаланарын айтып берди.

Ал Борбор Азиядагы ЖМКлардын "Санарип трансформациянын шарттарындагы эркиндик жана ЖМКнын плюрализми" аттуу конференциясында сүйлөдү.

"Эгер Кыргызстанды башка өлкөлөр менен салыштыра турган болсок, бизде сөз эркиндигинин принциптери сакталган. Бардык нерсени эркин чагылдырып, маалымдоо Кыргызстандын өнүгүүсүнө зор салым кошууда", — деди Жаманкулов.

Министр өлкөдөгү журналисттерге жабык тема жок экенин белгиледи.

Эске салсак, аталган конференцияга Кыргызстандан, Казакстандан, Тажикстандан, Түркмөнстандан, Өзбекстандан жана Монголиядан келген жүздөн ашык журналисттер менен эксперттер катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0