Тажикстандын күч түзүмдөрү кармап кеткен баткендик кишиден кабар жок

© Sputnik / Амир Исаев / Медиабанкка өтүүТажикстандык чек ара кызматкерлери. Архив
Тажикстандык чек ара кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаран Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын Худжант облустук башкармалыгы тарабынан кармалган.

ОШ, 17-июл. – Sputnik. Тажикстандын күч түзүмдөрү чек арадан кармап кеткен Баткен районунун Достук айылынын жашоочусу Газыбек Мейлибаев 13 күндөн бери үйүнө кайтарыла элек. Бул туурасында Баткен облустук милициясынын маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди.

Эскерте кетсек, Мейлибаев 4-июлда кыргыз-тажик чек арасынан Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын Худжант облустук башкармалыгы тарабынан кармалган. Бул боюнча Баткен облустук милициясы коңшу өлкөгө атайын кат жолдогон. Ага алиге чейин жооп келе элек.

Чек арадагы көзөмөл пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Кийинкисин талаада өткөрөлү". Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо уланууда
9-июлда жергиликтүү эл бийликтен бул окуянын себептерин айтып берүүнү жана Майлибаевдин бошотулушун талап кылып, облустук администрациянын алдына нааразычылык акциясына чыгышкан.

Кармалып кеткен жарандын атасы Сулайман Мейлибаевдин айтымында, уулун тажикстандык соодагерлер "акчаңды алып кет" деп кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган жерге чакырган. Барганда аны укук коргоо кызматкерлери кармап кеткен. Буга чейин ал соода-сатык менен алектенип, тажикстандык соодагерлер менен мамилеси болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0