Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

"Кыргыз почтасы" айдоочулар айып бузганы боюнча катты эмнеге албай жатканын айтты

Жазылуу
Адистин айтымында, автоунаасын ишеним кат менен саткандар эреже бузганы үчүн айып пул төлөшү керектигин билдирген каттарды кабыл алуудан баш тартып жатат.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Автосүйүүчүлөр эреже бузганы үчүн айып пул төлөө тууралуу катты эмнеге албай жатканын "Кыргыз почтасынын" почта кызматы жана логистика бөлүмүнүн башкы адиси Ырыскүл Жазакова түшүндүрүп берди.

Ал "Коопсуз шаардын" алкагында жаралган көйгөйлөр боюнча уюштурулган тегерек столго катышты.

Жазакованын айтымында, автоунаасын ишеним кат менен саткандар эреже бузганы үчүн айып пул төлөшү керектигин билдирген каттарды кабыл алуудан баш тартып жатат.

"Бүгүнкү күнү 47 миң кат почтага кайта келди. Андан сырткары, айдоочулардын көбү катталган дарегинде жашабайт", — деди ал.

Ал ошондой эле кайтарылган каттар почтада бир ай сактала турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0